www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада Иранда бензинге болгон баа 50 % га көтөрүлүп кеткен. Бул жагдай өлкөнүн калкынын нааразычылыгын жаратып, ирандыктар көчөгө чыкты.

Нааразы эл бийликтен бензиндин мурдагы баасын кайра орнотууну талап кылышканы менен ал акция бара-бара саясий талаптардын жаралышына алып келди. Эми массалык митингдин катышуучулары Аятолланы бийликтен кетүүсүн талап кылышууда. Болжол менен полиция менен кагылышуу 40 шаарда, анын ичинде Ирандын борбору Тегеранда орун алууда.

Так маалыматтар боюнча 18-ноябрга чейин бул кагылышуудан 25 адам каза болуп, жүздөн ашууну жарадар болушкан. Нааразчылыкка чыккандар полиция менен кагылышып, мамлекеттик имараттарды өрттөп, жолду бууп жатышат. Ошентип, Ирандын бийлиги чоң коркунучта турат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости