www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Импичментти ишке ашырбоо үчүн атайын Конституциялык сот түзүлүптүр”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Жогорку Кеңеште, президентти тизгиндей турган укуктары жок, жалгыз импичмент жарыялоо укугун ишке ашырууну өтө татаалдаштырылган, аны ишке ашыруу мүмкүн эмес. Долбоордун демилгеличелери, импичментти ишке ашырбоо максатта, атайын Конституциялык сот түзүшүптүр. Башкы прокурордун айыптоо корутундусунан башка, Конституциялык соттун ырасталган корутундусунун негизинде айып койулгандан кийин, үч айлык мөөнөттүн ичинде депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен добуш алынса, кызматтан четтетилиши мүмкүн экен. Кайталап койоюн, “четтетилет” эмес “мүмкүн” экен. Ошол эле Американын президентине импичмент жарыялоодо, Башкы прокурорунун дагы Жогорку сотунун дагы корутундусу же макулдугу талап кылынбайт. Болгону Конгресстин юридикалык комитетинин корутундусунун негизинде Конгресстин жөнөкөй көпчүлүгүнүн макулдугу менен карашат. Анан сенатта, конгресстин депутаттары далилдеп берсе, сенаттын жалпы санынын үчтөн экисинин (67 депутат) добушу менен кызматтан президент четтетилет. Абдан жөнөкөй процедура. Эми биздики менен салыштырып көргүлө??? Жыйынтыгында, бийлик бутактары бирин бири тизгиндеп, тартып турган норма жок, анысы аз келгенсип, тең салмактуулукту бекемдеп турган жана таянган түркүктөрүнүн баарын алып коюшкан. Жалпак тил менен биз колдонгон буюмдарга салыштырып айтсам. Мисалы: Президентти, Жогорку Кеңешти жана Сот бийлиги казанды аскан, үч буттуу тулга менен салыштырсак, тулганын бир буту жоон жана узун, эки буту өтө эле ичке жана кыска болгондой эле. Ошондой тулга туруктуу болобу? Андай тулганы колдонууга мүмкүн эмес. Бийлик бутактары так ушундай болуп калган”, - дейт саясий ишмер.
Булак: NazarNews.kg