www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Качкындарды жылуу кабыл алып, тажик элинин муңун, кайгысын бирге бөлүштүк”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“1993-1994-жылдары Чон-Алай районунун Карамык  багытында  жарандык согуштун кесепетинен  качкан  качкындарды жылуу кабыл алып, Ходжент тарапка авто унаалар менен жеткирип тажик элинин муңун, кайгысын бирге бөлүштүк.  Жогоруда айтылгандарды уюштуруп, түздөн түз аткаруучу катары баса белгилөөчү дагы бир маанилүү жардамыбыз бул, алардын аскердик материалдардан муктаждыктары  күчөп, көз чачырап турганда берилгени. Андан башка граждандык багыттан да ар кандай жардамдарды берип, согушуп жаткан тараптарды сүйлөшүүгө чакырган Бишкек эмей ким эле? Мындан тышкары жол, суу, жайыт маселесинде дагы өзүбүздүн кыйынчылыктарга, муктаждыктарга карабай берген жардамыбызды тажик эли жакшы билет. “Алыскы туугандан, жакынкы коңшу” деген принципти ыйык тутуп, бир тууганча жардам берип, кыйынчылыктарын бирге бөлүшүп жүргөн бизге, алардын “иштери ылайдан” өткөндөн кийинки “каприздерине” чыдоонун чеги болоорун өздөрү түшүнгөндө, “сөөмөйлөр” кезелбей, ынтымак мындан да бекемделмек. Чек арада дагы чыр-чатак чыкпай, элдер дагы ынтымакта бакубат жашамак”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости