www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Исаков: “Жаңы долбоордо эки баштуу ажыдаар түзүлүптүр”

“Жаңы долбоордо эки баштуу ажыдаар түзүлүптүр”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Сунунушталган долбоордо, Сот бийлиги  чакан эмес, коомчулук нааразы болгон системаны күчөтүп, кайрадан, эки баштуу ажыдаар – Жогорку сот жана Конституциялык сот бийлиги түзүлгөн. Биз муну өткөнбүз. 30 жылдан бери, бир дагы Конституциялык соттун жана азыркы палатанын соттору, Конституцияны коргомок турсун ата-бабаларыбыз мурас калтырып кеткен жерди, Аскар Акаев, анын саясатын колдогон Жогорку Кеңештин депутаттары (17 депутаттан башкасы) келишимди ратификациялап өткөргөндөрү аз келгенсип, аны Конституциялык соттун чечими менен бекитип бергенин, баары унутса дагы, Үзөңгү-Куушту сактап калуу үчүн аягына чейин күрөшкөн 17 депутат, өзгөчө депутаттык топтун башында туруп, Чолпон Баековалар менен соттошком, мен унута элекмин. “Конституцияны коргойбуз” деп, ант беришкен азыркы соттор, коргомок турсун, кайрадан бузууга жол ачып беришкенин көрүп отурбайбызбы? Түзүлүп жаткан Конституциялык соттун төрагасынын күзөтчүсү, шоопуру, машинеси анын расходу жана сотторунун айлыгы, пенсиялары, жыртык бюджетке кошумча акча эмеспи? Андан көрө аларга сарпталган каражаттарды, минималдык айлык, пенсия алгандарга кошсок адилеттүү болбойт беле? Калкынын саны 329 миллион адам, эң бай өлкө Америкада, андай сот жок. Аларда бир эле Жогорку сот бар, болгону 9 эле судья иштейт. Американын бюджети-3 триллион 320 миллиард доллар, ИДП – ар бир кишиге 63 миң доллар, биздики -2 миллиард доллар, ИДП – бир кишиге 210 доллар Алардын Жогорку сотунун санын элине бөлүп келгенде, 36 млн 400 миңге, бир судья туура келет, же алты Кыргызстанга бир Жогорку соттун судьясы!”, - дейт Исаков.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости