www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган адам шериктери менен ушул жылдын апрель айында Б.М.Х. аттуу жаранды жеке ишкерди күч колдонуп унаага салып, Бишкектин четине алып барышып, физикалык күч колдонуп, темир буюм менен денесине оор залал келтиришкен. Андан соң 350 миң сом акча каражатын талап кылышып, күрөөгө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү унаасын алып кетишкени аныкталды.

Бул факт боюнча УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, С.А.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана издөө, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун аракеттерин жою боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости