www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өзүңдүн армияңды карабасаң, бирөөнүн армиясын багасың”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Биринчиден, өлкөнүн коопсуздугун, аймактын бүтүндүгүн сактоо үчүн армияны жакшы камсыздап караш керек экен. "Өзүңдүн армияңды карабасаң, бирөөнүн армиясын багасың" деген сөз ар бирибиздин оюбузда болушу абзел. Экинчиден, бийликтегилердин тазалыгы, элине болгон камкордугу жана алардын адилеттүүлүгү болбосо болбойт. Үчүнчүсү, эң негизги өлкөдө мыйзамдын диктатурасынын өкүм сүрүшү кажет. Жөнөкөй сөз менен айтканда, мыйзам жарандардын улутуна, динине, саясий көз карашына, бийлигине карабай бардыгына бирдей иштеш керек. Ушундай шартта гана өлкө ичинде стабилдүүлүк болуп, өлкө өнүгүп, эл эркин жашап, жашоо турмуш жакшырат”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости