www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирус аталышындагы адамзатка жармашкан илдет көптөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болуп жатат. Анын вакцинасын таппай дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн да шайы кетип жаткан учуру.
Өзүн 20 жылдан бери Италияда дарыгер болуп иштейм деп тааныштырган Александр Колосов илдеттен кантип бир күндө айыгып кеткенин айтып берди.
“Мен Александр Колосов, бүгүн, 2020-жылдын 5-майында жугуштуу коронавирустан кантип бир күндө айыгып чыгып кеткенимди айтып берейин: кесибим боюнча мен дарыгермин, 20 жылдан бери Италияда жашайм. Медицина тармагында кары-картаңдарды дарылоо системасында иштейм.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой кары-картаңдарды дарылоо тармагы коронавирустан эң көп жоготууларга учурады. Эми өзүм жуктуруп алган коронавирустан кантип 1 күндө айыкканымды айтып берейин. Ооруканада нормадан ашык иштегеним үчүн мага 6 күндүк эс алуу беришти. Өргүүнү экинчи күнү мен өзүмдөн жугуштуу коронавирустун бардык белгилерин байкай баштадым. Бул оору өпкөнү сезгентүүсүн билем. Анда мен кандай ыкманы колдондум…
Жол-жобосу жөпжөнөкөй. Негизи көпчүлүк вирусту өлтүрүү үчүн спирт ичимдиктерин ичүүнү айтып жатышат. Бирок бул туура эмес. Аракты ичпей, аны жытташ керек. Мен коронавирусту жеңүү үчүн төмөндөгү ыкманы сунуштайт элем. Жөнөкөй медициналык чүпүрөккө аракты себип, аны бет капка салып 3-5 мүнөт ар бир жарым саатта жыттап турабыз. бул ыкманы бир күн кечке кайталоо керек. Ал эми жатаар алдында дагы жаздыкка дагы аракты себип жаттым. Мен бул ыкманы бир күн колдонуп, эки күндөн кийин ооруканага барып, вируска анализ тапшырганда коронавирус менден аныкталган жок.
Көп тааныштарым менден бул ыкманы чалып сурап жатышты, аларга дагы бул ыкманы сунуштаганымда текшерүүлөрдөн кийин алардан дагы коронавирус аныкталган жок. Кээбирлер “анда мындай болсо баардык вирустарды ушундай ыкма менен айыктырып койсо болмокта”,- деп айтышы мүмкүн. Бирок мындай ыкма менен ушундай Ковид 19 вирусун гана айыктырса болот… Бул ыкма жөнөкөй жана оңой. Менин видеомду көргөн адам толугу менен айыкканга мүмкүнчүлүгү бар”,- деген ал.
Колосовдун бул ыкмасы талкууларга себеп болуп, ар түрдүү пикирлерди жараткан.
Булак: NazarNews.kg