www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Сырткы идеологдор таңуулаган эрежелерди кабыл албашыбыз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

--“Кыргыз элин улут катары сактап турган баалуулуктар - дүйнө тааным, тарых, тил, ишеним, каада-салт, маданият, ар кандай өнөр туундулары өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн өбөлгөсү. Улуттук өзөк гана өнүгүүгө өрнөк болуп бере алат. Бөлөк элдин эрежеси менен жашаган эл өнүкпөйт. Улуттук ой-тутумдар менен идеалдарга негизделген идеологиялык ишмердүүлүк адам, үй-бүлө, коом, мамлекет масштабында системалуу жана иреттүү  жүргүзүлгөндө гана өз жемишин бермекчи. Сырткы идеологдор таңуулаган эрежелерди бейпарасат кабыл ала берүүнүн натыйжасында жеке адамдын укугун көкөлөтүп, Кыргыз улутунун кызыкчылыгын тебелеп салдык. Чачыранды болуп жаткан элибиздин кубат-духун чогултуп, ар-намысын көтөрүү максатын ишке ашырышыбыз зарыл”, - дейт Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости