www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Электр энергиянын тарифтерин көтөрүү керек" - деп ким президентке сунуш айтса, ошол адам президенттин да элдин да душманы экен. Анткени, ансыз да кымбатчылыктан кыйналып турган эл үчүн бул каратып туруп башка чапкан менен барабар.

“Жакырлар үчүн жеңилдик бар” - деп “тил эмизгенибиз” менен калктын аялуу катмары эч качан электро энергияны 700 киловатт сааттан ашык колдонбойт жана колдонгон да эмес. Демек, бул жерде негизги күч ажобуз айткан “кудайга шүгүрлөргө” келип түшөт.

Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин маалыматына ылайык: “кудайга шүгүрлөр” эгерде жаңы тарифтик саясат кабыл алынып калса, бир киловатт саатына 1 сом 48 тыйындан, ал эми 1000 киловатт сааттан ашып кетсе 2 сом 29 сомдон төлөп башташат.

Кошумча кирешеси барлар үчүн бул эч нерсе эмес. Бирок, пенсиядагылар менен жарыбаган айлык акыга күн кечирген 100 миңдеген адамдардын акыбалы кандай болот?!

Орто эсеп менен кыштын күнү “3000 киловатт саат жакты”- деп эсептегенде эле 6000 сомду чапчыйт экен! Мындай жагдайда, 7000 айлык алган мугалим же 4000 миң пенсия алган пенсионердин алдында эки жол бар: же суукка тоңуп өлүш керек. Же ачкадан өлүш керек.

Туура, президентибиз Садыр Жапаров айткандай энергетика тармагы чындыгында эле кризиске кептелди. Бул тармакка олуттуу көңүл бурбасак, эртең кесепети өтө масштабдуу болуусу турган иш.

Ошентсе да, тарифтерди жогорулатып элдин түмөн-түйшүгүнө түйшүк кошуу менен маселе чечилбейт. Маселени чечүү үчүн энергетика тармагын толук түрдө реформалап комплекстүү иш аракетте барышыбыз керек деп ойлойм.

Эң ириде, мамлекет менен элдин ортосундагы “мите курттарды” ортомчу компанияларды мамлекеттик же жеке менчик экенине карабай жоюш керек. Айтылуу Ширшовдон бери келе жаткан энергетикадагы коррупциялык схемаларды түп орду менен тыптыйпыл кылуу зарыл.

Алардын ордуна бирдиктүү “Энергохолдинг” түзүп эч ким бир тыйын уурдай албай турган кылып санариптештирүү, жаңы технологиялар дегенди башканы коюп дал ушу энергетика тармагына киргизсек, ушуга чейин миллион долларлап "энергобарондордун" жана айрым чиновниктердин чөнтөгүнө түшкөн каражаттар, мамлекеттин казынасына түшмөк.

Жогоруда аталган маселелерди чечмейин, тарифти көтөрүү менен энергетика тармагында эч кандай жылыш болбойт. Андыктан, жаңы тарифтерди “жети өлчөп, бир кесип” “өгүз өлбөй турган, араба сынбай турган” чекте кабыл алуу учурдун талабы.

Бакай Абдымалик, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости