www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия берген «Спутник V» вакцинасы Кыргызстанга келди

Кыргызстанга орусиялык «Спутник V» вакцинасы жеткирилди. 20 миң доза жүктөлгөн учак эл аралык «Манас» аба майданына конду.

Вакцинаны тапшыруу аземине Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана биринчи вице-премьер Артем Новиков катышып жатат.

Кыргызстан жалпы жонунан бул препараттын бир миллион дозасын алмакчы, анын 500 миңи гуманитардык жардам катары берилет.

Бүгүнкү партиянын бир дозасы мамлекетке 10 доллардан айланган. 20 миң доза 10 миң адамга жетери айтылды.

Белгилей кетсек, вакцина алуу боюнча президент Садыр Жапаровдун Москвага жасаган сапарынын учурунда макулдашылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости