www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында Кочкор райондук соту 23 жаштагы келинди өлтүргөн эркекти өмүр бою эркинен ажыратып, 150 миң сом айып пул салды. Облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, өкүм 20-апрелде чыгарылган, беш күндөн соң күчүнө кирет.

Келиндин сөөгү ушул жылдын башында, 23-январда Тынай-Булак кыштоосунан табылган. Маркумдун таанышы, 25 жаштагы жигит кылмышка шек саналып кармалган эле.

Айрым маалымат булактары келин атка сүйрөтүлгөнүн жазышкан.

Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14% жогорулаганын, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн маалымдаган. Кыргызстанда жыл сайын бир канча аял зомбулуктун курмандыгы болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости