www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрөөлөр менен «Улуу Ленин атабыз, бизди өстүргөн капасыз» дебесе, «бактылуу балалыгың Сталин менен» деп түрмөгө жөнөтчү. Мусулман аялдар билбесе керек, анткени топурак салганга барышпайт эмеспи. Маркумду көргө коюп, топурак салып, көмгөн соң, куран окулат. Андан соң кырк кадам өткөн соң Үңкүр –Маңкир келип суракка ала баштады деп дагы куран окулат. Ленин болсо бир кылымдан бери көмүлбөй жатат.

Лениндин мавзолейинде кандай жашыруун сырлар бар

Владимир Ленин 1870-жылы 22-апрелде жарык дүйнөгө келип, 1924-жыл 21-январында 18 саат 51 мүнөттө жарык дүйнө менен кош айтышкан. Анын жашоосундагы көптөгөн жылдар, кийин ал жетектеген партия совет мамлекетинин башында турганда эмне деген гана сөздөр болбоду. Аны немецтин тыңчысы дешти, бирок ал тууралуу эң сонун ушактар анын көзү өткөн соң чыкты. Ленин жаткан мавзолейдеги денеси тууралуу көп сөздөр чыкты. Лениндин Мавзолейинин ичинде көзөмөлдөп турган камера орнотулган. Көпчүлүккө көрсөтүлүп жүргөн видео –ролик бар. Түн бир оокумда Мавзолейде жаткан Ленин акырындык менен сол колун көтөрөт, андан соң бардык денеси менен жүткүнүп алдыга умтулат да, кайра саркофагка кулайт. Америкалык Филадельфия механика университетинин профессору Жон-Капри-кичүү жана дагы көптөгөн окумуштуулар бул видеодо эч кандай монтаж жок деген чечимге келишкен. Эч кандай боектор, кадрлар коюлган эмес. Кадрды тартып жаткан учурдагы цифралар жана убакытты көрсөтүү мөөнөтү Ленинди тартып жаткан камеранын нормативдери менен дал келерин далилдеп, окумуштуулар терең изилдеп чыгуу үчүн Лениндин денесин текшерүүгө уруксат сурашкан, бирок бул иш өтө жашыруун болгондуктан уруксат берилген эмес. Арадан жүз жылга жакын убакыт өтсө да, Лениндин тырмактары жана чачы өсөт деген да кеп бар. Бул дагы магиянын сырлары эмеспи?

Лениндин денеси мавзолейдеби?

Владимир Ильич Ленин тууралуу немецтин шпиону болгон деген сөз эмгиче тыйылбай келе жатат. Андан тышкары мавзолейде коюлган Лениндин өз денеси эмес деген сөз батышчыл прессада башталган. Мындай сөздү жокко чыгаруу үчүн өткөн кылымдын отузунчу жылдары батыш маалымат каражаттарын мавзолейге чакырылат. Америкалык журналист Луис Фишер алардын көз алдында Борис Збарский Лениндин денесин бальзамдоо үчүн, герметикаланып айнектелген саркофагды ачып,бул момдон жасалган фигура эмес экенин далилдеш үчүн, жол башчынын мурдунан кармап башын оңго, солго бурган.

СССР тараган соң Лениндин денеси жасалма деген ушак күч алган. Бул тууралуу сөздөр Лениндин денеси менен алектенген лабораториядагы эксперттер аркылуу четке кагылып турган. Бирок гезит беттеринде Лениндин денесин убакыт өткөн сайын, Ленинге окшош денелер менен алмаштырып койору тууралуу версиялар тараган. Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Мединский, Лениндин денесинин 10 гана пайызы калыптыр деп чыккан. «Власть» жумалыгы мунун калп чынын текшерип көрүүнү туура көрөт. Бальзамдоо үчүн Лениндин денесин ачканда, анын ички органдары бүт алынып бальзамдалганын көрүшкөн.Алынып салынган дене бөлүктөрүн эсептеп чыгышып «Власть» жумалыгы депутат Мединский жаңылган экен деген чечимге келишет. Мавзолейде Лениндин денесинин 10 пайызы эмес 23 пайызы жатыптыр.

Лениндин денеси саясий максаттар менен коюлган, бул тууралуу тереңирээк билүү максатында 1920-жылдын башталыш жагына кайрылабыз.1922 –жылдын жазында Ленин абдан чарчап өзүн оорулуу сезе баштаган, партиянын жетекчилигинин суранычы менен ал бир нече айга Москва алдындагы Горкиге келген. Ал жерде дарыгерлердин көзөмөлүндө жашап туруп, ал партияны жетектегенди уланта берген жана Москвага жыйындарга келип турчу. Бирок,1922-жылдын май айында анын ден соолугуна катуу сокку урулуп, ал убактылуу сүйлөй да, окуй да, жаза да албай калат. Партия жетекчилиги Ленинге жете турган мамлекеттеги кырдаалдар боюнча маалыматтарды катуу көзөмөлдүккө алат. Бул бир гана жол башчынын ден соолугуна кам көрүү эмес, күчтүү саясий атаандаштын колу-бутун тушоо болгон.1922-жылдын июнунда БКнын катчысы Леонид Серебряков досуна кат жазып, «Дзержинский менен Смидович Ленинди эки бульдог сыяктуу кайтарып, жанына жакын жолотпой, ал ал жашаган үйгө да жакын жолотпой жатат» - деп даттанган.Андан кийин Лениндин ал-ахыбалы улам кыйындап, бир-аз жакшы болуп, андан соң ого бетер кыйын кырдаалга келген. 1923-жылдын жазында үчүнчү катуу соккудан соң, ал айлана –чөйрөдөгүлөр менен да сүйлөшүүдөн калган. Ошол мезгилден баштап партиянын жетекчилигинде анын ордун талашуу үчүн атаандаштыктар башталат.

Ушул убактан баштап жол башчынын мамлекеттин саясий аренасындагы ролу өзгөргөн. Горкиде жашап жаткан чыныгы Ленин саясий турмуштан бөлүнүп, жаңы ыйыкташкан Лениндин образы жаралган. Көпчүлүк ыйык тутулган Ленин жөнүндө жазылгандар, ошол мезгилден жарыкка чыга баштайт. 1923-жылдын башында «ленинизм» деген термин кирет, андан соң ленинизмге берилгендик боюнча анттар башталат. Ошол эле жылдын мартында Москвада ленинизм Институту ачылат. Ленин 1922-1923-жылдары эмне ойлоп, сүйлөп жана жазып жатканы чындыкка туура келбейт, ал толугу менен саясий турмуштан четтетилип,анын атынан сүйлөп жаткан. Сталинден баштап Горбачевго чейин ар бир советтик жетекчи, Ленинден тиешелүү тексттерди алып, маанисин өзү каалагандай оңдоп-түзөп пайдаланып жүрдү.

Ленин 1924 жылдын 21 январында көз жумду. Башында анын денесин кылымдарга сактоо боюнча сөз болгон эмес. Анын денесин коштошуу убагы бүткүчө 20 күнгө бальзамдашып, коштошуу зыйнаты үчүн Союздар үйүнүн Колонналык залына коюлган. Сууктун күчү минус 28 градустан төмөн болуп турганына карабастан жол башчы менен коштошуу үчүн келгендердин саны бүт өлкө боюнча аягы тынган эмес. Ленинди көмүү 27-январга белгиленген, бирок аны менен коштошуунун аягы тыйылбай койгондуктан дагы алдыга жылдырылган. Анын денесин ар бир үч күндө комиссия текшерип турган. Ошол убактагы катуу сууктун айынан жана убактылуу бальзамдашкандан улам, анын денесинде чирип кетүүнүн белгилери табылган эмес. Денеси чирий баштаганынын алгачкы белгилери эки ай өткөн соң март айында байкала баштаган.

Партиянын жетекчилеринин арасында Лениндин денесин узакка сактоо туура эмес жана Лениндин денесин узакка сакташыбыз керек деген темада курч талаш –тартыш башталган. Марттын аягында профессор Воробьев менен биолог-биохимик Збарский анын денесин бальзамдаштыруу ыкмасына өтүшөт. Алар атайын жасалган лабораторияда төрт ай иштешип, 1924-жылдын 24-июлунда партиялык жетекчиликке иштин бүткөндүгү тууралуу билдирген.

Эми гана социалисттик саясий системада Лениндин денеси кандай роль ойноп турганы белгилүү болду. Бул дене советтик мамлекетти даңазалап турганы чындык. Ленин өлүк денеси менен конкреттүү адам катары маанини билгизсе, өлбөс денеси менен –куурчак катары атайын мамлекеттик ырым-жырымдар үчүн керек болгон. Лениндин денеси –жөн гана анын көчүрмөсү деген ар дайым жүрүп жаткан сөздөр, бул бир четинен калп болсо, бир четинен чын. Лениндин денеси экени чын, бирок ал дайыма алмаштырылат. Анын биологиялык материалдарын да жаңыга алмаштырылып турганы менен, канткен күндө да формасы өзгөрүлбөй кала берет. Бул долбоор татаал денени сактоонун жаңы ыкмасы катары жүрүп-жүрүп отуруп кийин чыккан, анын мааниси партиялык система үчүн түшүнүксүз болуп келсе, эмгиче аны дале түшүнгөн адам жок.

Лениндин денеси менен иштөө абдан жашыруун атмосферада, жабык эшиктин ичинде жүргүзүлөт. Лениндин текстери, айткандары жана башка фактылар менен иштөө да жашыруун болгон. Ошол үчүн ленинизм дайыма фундаменталдуу, алмаштыргыс жана түбөлүк сыяктуу көрүнүп, чындыгында партиялык жетекчилер убак-убагы менен алмаштырылып турса да ал кала берген. Ушунун негизинде ленинизмге тексттерден тышкары, Лениндин денеси да өзгөчө булак болуп берген.

Советтик системанын 1991-жылы талкаланышы менен лениндин денеси кошо жок болуп кете тургандай сезилген. Орусия Федерациясы мавзолейди жаап жок кылган жок, бирок ага кете турган чыгымдарды кескин кыскартты. Акыркы отуз жылдын ичинде Лениндин денесин эмне кылабыз деген бир жактуу чечим кабыл алына элек. Бүгүн да бул маселени кабыргасынан коюп жаткандар бар, бирок лаборатория иштегенин улантып жатат. Советтик системанын жок болушу бул дененин автоматтык түрдө жок болуп кетишине шарт түзүп бербеди, аны кадимкидей чирип бараткан денеге айланткан жок, ошону менен бирге андан жасалма куурчак да даярдаган жок.

Лениндин сөөгү коюлган Мавзолейдин жашыруун сырлары

Жүз жылга жакын убакыттан бери Лениндин сөөгү көмүлбөй Мавзолейде жатат. Владимир Ильич Лениндин сөөгүн христиан дининин адеп-ахлагына ылайык, аруу жууп көөмп салуу тууралуу маселелер нечен ирет козголгону менен, кылымга чукул убакыттан бери анын денеси мавзолейди мекендеп келатат. Аны туу тутуп ардактап келишкен, марксизм –ленинизм идеяларына бекем сугарылган коммунисттик партия жок болуп, Советтер Союзу тарап, мавзолейге бөлүнгөн акча каражаттары кыскарып кетсе да Лениндин сөөгү бир ордунан козголбой жатканы жаткан.

Лениндин мавзолейин курууда кара магиянын мыйзамдары колдонулган. Жакшылап байкаган адамдарга мавзолейиндин оң бурчунда кооздук үчүн жасалган оюк бар. Муну көп киши деле байкабайт. Кооздук үчүн жасалган оюктун ичинде мавзолейдин башка тараптары менен кыйыштырылган, узунунан бойлото кеткен ички бетинде бурч бар.Магиянын сыры терең ушул кооздук үчүн жасалган оюктун башкы тапшырмасы мавзолейге келгендерди тосуп алат жана ары-бери өткөн адамдарды ылгап, тиешелүүсүн мавзолейди көздөй жөнөтөт экен. Лениндин мавзолейинин жанынан ары-бери өтүп жаткандар, ушул магиянын сыры болгон кооздук үчүн жасалган оюктун «жумушчу зонасына» илинбей койбойт. Лениндин мавзолейинин алдында дайыма аскердик параддар жана майрамдык демонстрациялар өтүп турган. Сталин парад учурунда көпчүлүгү магиянын сыры болгон кооздук үчүн жасалган оюктун үстүндө турган.

Сталин өзүнүн жеке чечими менен мавзолейди курууда башкы архитектор катары революцияга чейин диний храмдарды куруп жүргөн Щусевди тандаган. Ал кезде Сталин Москваны жаңыртуу боюнча пландардын үстүндө иштеп жаткан. Коммунизмдин идеяларын бекем сактаган Сталин атеизмге сугарылып диний ишмерлерди куугунтукка алып жаткан. Бирок мавзолейди курууга келгенде 1914-жылы Покров чиркөөсүн ошол мезгилде популярдуу болуп турган «неоорус стилинде» курган Щусевди башкы архитектор кылган. Лениндин биринчи мавзолейин Щусевдин долбоору боюнча тез арада курган, анткени 1924 –жылдын 27 –январында Владимир Ильич Лениндин сөөгү коюлмак. Бул мавзолей жыгачтан курулуп төрт бурчтук формасында болуп, үстүндө пирамида коюлган. Бул мавзолей 1924-жылдын жазына чейин турган.

Лениндин мавзолейинин алдына котлован каза баштаганда эле, ага кайсы бир күчтөрдүн каршылыгы ачык –айкын башталган. Котлован казылып жаткан чуңкур трубаларга барып кептелип, трубалар жарылып чуңкурдун ичи адамдын заңына толуп калган. Ушул тууралуу уккан Москванын жана бүткүл орустун Патриархы Тихон: «Олива майына чыланган адамдын көрдө жатып катып калган денесин элди алдоо үчүн «олуя» деп жарыялаган жатышат» -дептир. 1924-жылдын жазында Щусевдин долбоору менен жыгачтан убактылуу курулган экинчи мавзолейдин эки тарабында трибуналар болгон. 1929 –жылы Кызыл аянтта Мавзолейдин постаменти курулат. Ушул заманга чейин келаткан үчүнчү мавзолей 1929 – 1930 –жылдары курулган. Долбоорлоо боюнча комиссияны Климент Ворошилов жетектеп, башкы архитектор А. Щусев болгон. Мавзолейди куруу абдан жашыруун сыр болгондуктан комиссиянын Аскер жана деңиз иштери боюнча эл комиссары, СССРдин Революциялык Куралдуу Күчтөрүнүн төрагасы Климент Ворошилов жетектеген.

Ушул Мавзолей курулган соң репрессия аркылуу миллиондогон адамдардын каны төгүлгөн. Мунун себебин ушул Мавзолей өзүнүн түзүлүшүндө колдонулган Кукулькан жана Паленке пирамидаларынан көрүп жүрүшөт. Майянын пирамидалары Байыркы Мисирдегидей чуштугуй болуп бүткөн эмес, эң төбөсүндө аянтча болгон. Пирамидалар тепкичче сыяктуу орун алып, алардын бири параддык тепкич сыяктуу болгон.Тепкичче пирамидаларда курмандыкка чалуу боюнча каада-салттар колдонулган. Майя курмандыкка чалынгандардын турмушта болгон энергиясы колдоочулардын арбагына пирамидалар аркылуу түз жетет деп эсептешкен. Лениндин аты –жөнү ВИЛ адамдарды курмандыкка чалган кудайдын аты жөнү менен үндөшүп турат. Ошондон улам ой кетет, ушул Мавзолей курулуп бүткөндөн баштап Советтер Союзунда адамдарды курмандыкка чалуу менен коштолгон массалык репрессиялар башталган. Балким ушунун бары биригип магия менен байланыштуу болуп жүрбөсүн?

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости