www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Убагында Улукбек Марипов Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиевдин жардамчысы болуп жүрүп, ал кезде Арзыбек Буркановго өкүл бала катары катталып алыптыр. Ошондон тарта карьералык секириги башталганы, бир эсе атасы Асамидин достору аркылуу шыкап, бошоң баласын чоңойтууга белсенет.
Жасалма чиновникке айланган Улукбек Марипов канчалык оозу-башын түздөп, каада күтпөсүн, баягы эле жардамчылык психологияда калганы, күнкорлугу байкалып жатат го? Учурда башкы кеңешчи Арзыбек Буркановдун кабинети премьер-министр Улукбек Мариповдун кабылдамасынын жанында. Образдуу айтканда, минип алгандай отурганы аңызга айланды го? Эргулубуз өкмөттү каалагандай калчап атканын «кол ийрисине тарткан» кадрдык саясаттын жүрүшүнөн аңдайбыз.
Маселен, Буркановдун жардамчысы Тимур Кожонов учурда Баткен облустук бажы кызматынын начальниги, шопуру Марип болсо Баткен губернатору Өмүрбек Суваналиевдин 1-орун басары. Жакын тууганы Баткен районунун акими. Республикалык байланыш агенттигинин жетекчиси жана Баткендин вице-мэри көздөй туугандары, Баткен милициясынын начальниги бир тууган иниси.
Албетте, бул Арзыбек Буркановдун кадр саясатына жараткан таасиринин чекеси гана. Мындан ары да маалымат тереңдей бермекчи. Эмне үчүн «серый кардиналга» айланып баратат? Көрсө, айтылуу Икрам Илмиянов аяш авасына издешпей табышып, консультант болуп алган тура. Эми экөө бийликти базардагы касапчылардай эле балталап, «устукандап» сата баштайбы?
Баса, Татарстанда катталган «Ядран» компаниясы Илмияновго караштуу болсо, бул жагынан көз боёмочулук кылуу иретинде эски жоругун баштап, «Манас» эл аралык аэропортунан көмүскө бизнестерди кылууга ашыккан кербезиби? Дал ушул өңүттөгү соболдун түйүнү чечилиши зарыл.
Ошентип, өкмөт башчы Мариповду «чүлүктөп» алган Бурканов өлкөдөгү кадр саясатын өзү калчап, өзгөчө Баткен облусуна «башкарма» болуп атса, анда ал жердеги генерал-губернатор Суваналиев эмне кылып отурат? Бизде аткаруу бийлигинин ырааттуулугу, дегеле мыйзамдуу башкаруу иштейби? Же «түшүнүк» менен жашап атабызбы?
Сөз соңуна келсек, Арзыбек Бурканов убагында Камчы Көлбаевге каршы арыз жазып, ага кыянаттык иш жасап, кийин кандай жолго түшкөн? Кепти ушул жерден токтото туралы. Дагы улайбыз...
Булак: Азия News гезити