www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илимий ачылыштарды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуубуз керек. Бул тууралуу КР илимине эмгек сиңирген ишмер Кадыралы Коңкобаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

- Сиз Кипр, Казакстанда иштеп келипсиз. Азыркы убакта илимдин дегээли кандай абалда?

- Кыргызстандагы илимдин дегээлин Кыргызстандын дегээлинде кеп кылуу менимче туура эмес. Бүгүнкү илим дегээлинин региону, масштабы, аймак чоң. Азыр маалымат технологиянын заманында жер шары кичинекей эле болуп калбадыбы.

Кыргыз окумуштуулары өз казанында өзү кайнап, өздөрү менен өздөрү жарышпаш керек. Дүйнөлүк илим кайда баратат?! Дүйнөлүк аренага жете турган конкреттүү ой, конкреттүү илимий пикирлер керек.

Ансыз деле биз КМУда мындай илимий ачылыш бар экен, КГМАда андай, ОшМУ мындай нерсеге жетишиптир өңдүү кептердин бардыгы илюзия менимче. Бүгүнкү күндө кыргыз илими бардык тараптан дүйнөлүк интеграция болуусу шарт.

Өз тармагымды эле мисал келтирейинчи, түрк элдерин изилдөө боюнча иликтеп карасак, кийинки 50-30 жылдар ичинде бир топ өзгөрүүлөрдү пайда кылды. Илимий методологиялар пикирлердин бардыгы жаңы топтолгондордун натыйжасында адамзатты, окумуштууларды ойлондура баштады.

Биздин доордо окумуштуулар ойлоно турган мезгил келип жетти деп ойлойм. Биз абдан кеч калдык. Мен көрүп баарлашкан чет элдик калемдештер, пикирлештер, дегеле кесиптештер менен азыр тынымсыз байланышта болуп турам.

Салыштыра келгенде алардын көз-караштары, аңдап-таануусу менен биздин окумуштуулардын ой-пикирлери асман менен жердей.

Ошондуктан мамлекетти башкаргандар КУИА менен КР билим берүү жана илим министрлигине мойнуна жүктөп койбостон, бийлик өзү баш-көз болуп, дүйнөдөгү илимдер кандай деңгээлде көтөрүлүп кетти, ошолордун контекстинде бүгүн кыргыз таануу илиминин натыйжаларын жакшы жолго түшүрүп, ошонун негизинде КР мамлекети өнүгүш жолго коюусу зарыл. 30 жылда кайсы тармак өнүгүп кетти, неге жетиштик.?

Бирок конкреттүү негизге таянган улуттук саясатпы, экономикалык өнүгүшпү же философиялык ой-жорумдарбы бизде мамлекет эч нерсесин эске алган жок. Баягы эле эшегине жараша тушагы дегендей окумуштуулар дагы чабал болуп кеткени өкүндүрөт.

Бийлик дагы ошого жарашабы айтор, бардык коюлган талаптарды, орчундуу маселелерди сазга батырды. Бактыга жараша, жаңы түзүлгөн коммисияда жакшы нерсени көрдүм. Ал КИУАсы конституциялык орган болгону.

Балким ошончолук деңгээлге көтөрүп жазгандан кийин илим өз ордун Кыргызстанда ээлеш керек деп ойлойм. Бүт илим, айыл чарбасы, адам таануу, Кыргызстан тармактары боюнча илимий жетигшкендикти мурда каралган дебестен, даңы өңүттө изилденүүсү керек.

Мисалга канчалаган миң жылдар бою сакталып келе жаткан улуттук баалуулуктарыбыз Булардын бардыгы кийинки өнүгүп өсүшүбүзгө чоң бир пайдубал. Буларды эсепке албай эле батышта тигиндей экен, ал эми бизде мындай деп, коомдогу жат көрүнүштөрдү көпчүлүгүбүз өзүбүзгө сиңирип алдык. Бул бир.

Экинчиси Швецария, гүдөгөн мамлекет дагы болдук, бирок ошентип кеткен жокпуз го. Ошондуктан илим менен билимге абдан көңүл бура турган мезгил келип жетти деп ойлойм. Кечээ интернеттен Садыр Нургожоевич билим берүүгө биз толук реформа жасайбыз дегенин окуп алып ичим жылыды. Бул бизде чоң бурулуш.

Демек, биз чыныгы илимий-изилдөөлөргө көңүл бөлсөк бизде үмүт аябай чоң. Элди миңдеген жылдар бою тарыхта, учурунда өз мамлекетин куруп, өзүнүн алфавитин чыгарып, өзүңүн элдик оозеки чыгармачылыгын укумдан-тукумга жеткирген, Манас эпосундай кереметтерди сыйдырган кылым карыткан элибизди мына ошол кыргызды дүйнөгө тааныткан Чыңгыз Айтматовдун генийлиги.

Булар өз элинин укмуштуудай феномендери да. Түрк элдеринин ичинен өзүнүн уникалдуулугун сактап, байыркы маданиятын көп жагынан бузбай, стилизация жасабай сактаган эл бул - кыргыз.

Чет элдиктер таң калып жатат Улуттук баалуулуктарыбызды жоготпостон сактап келе жатканыбызга чет элдиктер таң калып жатат. Биз элдин ичинде жүрүп ошого көңүл бөлбөйбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости