www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Камила Талиева: “Азыр эл алданбайт”

“Азыр эл алданбайт” - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“Азыр эл эч нерсеге ишенбей турган убагы. Бул жерде элдин күнөөсү жок. Буга бийликке келген адамдардын жана алардын командалары күнөөлү. Себеби, алар эл күткөндөй жакшы жыйынтыктарды көрсөтө албай коюшту. Кошуна мамлекеттерди көрүп зээндери кейип, намыстанат. Мисалы, акыркы жылдары жумушсуздук күч алды. Канчалаган мигранттарыбыз чет өлкөдө кыйналып иштеп жүрүшөт. Уй-бүлөлөрү бул жакта. Ушундай көрүнүштөр абдан көп. Элибиз кыйналып, жакырчылыктан чыга албай келет. Булардын баарына мамлекеттик башкаруу система күнөөлү. Азыркы күндөгү адамдар менен советтер союзундагы элдин пейилинде айырмачылык бар. Ал кезде башкача түшүнүк, саясат  мынчалык тамырлашкан эмес. Бүгүнкү күндө адамдар бир топ өзгөрүлдү. Мисалы, эл Садыр Жапаровго чейинки президенттерге ишенип, алданып калган учурдары болду. Азыр эл алданбайт. Себеби Кыргызстандагы көп окуялардан сабак алып, көзү ачылды”, - дейт Талиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости