www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Расмий документтер азырынча жарыя боло элек. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр - бул купуя сырды камтыган мамлекеттер аралык расмий документ болуп эсептелет», - деди бүгүн, 29-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев «мындан ары Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасында талаш жаралбайт. Чек ара маселеси 100 пайыз чечилди» - деди. Бул кубана турган жаңылыкпы?                                                                    

- Бул абдан кубана турган жаңылык. Чек ара боюнча буга чейин эч кандай канааттандыраарлык жаңылык болгон жок эле го?  Ташиев мырза баштаган кыргыз делегациясынын чоң эрдиги ушул. Эми ушундай ийгиликти дагы көрө албай, ичи тар макулуктар ар кандай ушактарды таратып башташты. Айланайын бир боорлорум, бир аз болсо дагы адилет бололучу!

- Бирок, эмнегедир коомчулукка кыргыздар өзбек тарапка утулду. Кемпир-Абад суу сактагычы менен Төрт-Күл суу сактагычы өзбек тарапка өттү деген пикирлер арбын болуп жатат го... 

- Таң калам да. Расмий документтер азырынча жарыя боло элек. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр - бул купуя сырды камтыган мамлекеттер аралык расмий документ болуп эсептелет. Аны эки өлкөнүн парламенттери тыкыр изилдеп көрүп, анан расмий баа берип, мыйзам иретинде бекемдейт. Чек ара маселесине келгенде биз абдан аяр болушубуз керек. Аны коңшулаш жашаган карапайым элдер эч убакта бир өңчөй чече алышпайт. Бул - ошол эки өлкөнүн расмий бийликтеринин укуктары. Анан диванга жатып алып эле андай же мындай деп жаза бергендер көбөйдү. Ошондой ээн ооздордун азабынан эки кошуна өлкөнүн ортосунда согуш дагы чыгып кетиши мүмкүн. Кудай сактасын! Мен бир гана феноменге ыраазы болуп турам. Бул - Өзбекстан менен Кыргызстандын лидерлери Шафкат Мирзиёев менен Садыр Жапаровдун кечээ эле өткөн расмий жолугушууларындагы бири-бирине көрсөткөн эң сонун мамилелери! Мурда мындай феномен болгон эмес! Ошондуктан, ойду-тоону сүйлөбөй жооптуу мамиле кылып жашасак жакшы болмок!

- Андай болсо, суу сактагычтарды Өзбекстандын крамагына өткөрүп бердик деп келечек кечирбей турган иш кылды деген пикирлерди кимдер жайылтып жатышат?

- Чек аранын биргелешкен адилет чечимдерине эки өлкөнүн прогрессивдүү көз караштагы жарандары адилет пикирлерин айтышып, ыраазы болушууда. Тескери пикирди жайылткандар - кечээги эле коррупциялашкан доорду кайра кайтарып алууну көздөгөн кылмыштуу күчтөр!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости