www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облуснунун Темир айылында сел өткөрүүчү канал тазаланууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Көл райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы капитан Рустам Жылкыбаев билдирди.

--“Ысык-Көл районун Темир айылынын ​ селден коргоо максатында сел өткөрүүчү каналды казып, тазалоо иштери жүрүп жатат. Иш-чара “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын мерчеминин” негизинде аткарылууда. Натыйжада 15 турак үй жана 2 км ички чарбалык жол сел коркунучунан корголот. Каналдын узундугу 1000 метр түзөт”, - деди Жылкыбаев.

Кошумчалай кетсек, облус боюнча “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын” 2021-жылга карата мерчемине 15 объект киргизилип, бүгүнкү күндө ​ 2 объектиде жумуш толугу менен аяктап, 2 тилкеде жумуш жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости