www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр” маселеси боюнча 2012-жылы депутаттарга кысым болгон”, - деди бүгүн, 5-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“2012-жылы “Кумтөр” маселеси Жогорку Кеңеште аябай көтөрүлгөн. Мен дагы ошол кезде депутат болчумун. Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия көп убакыт кетирип, аябай дыкаат иликтеп, текшерип чыгышкан. Аягында “Кумтөрдү” Кыргызстан иштетип кете алат, улутташтыруу керек деген бүтүмгө келишкен. Ошондо депуттардын жарымынан көбү колдоп баштаган. Парламентте бир жаман көрүнүш нерсе бар, саясатташкан бир мыйзамдар болсо аны каникулга кетээрге жылдырып коюшат. Ошентип июнь айында көптөгөн депуттардын добушуна коюлган. Бирок кандайдыр бир себептер менен эл өкүлдөрүнүн көбү каршы добуш беришкен. 34 гана депутат колдогонбуз. Ошол убактагы бийлик өкүлдөрү тараптанбы же башкалардын кызыкчылыктары болуп, улутташтырылбай калган.

Мындайча айтканда депуттарга кысымдар болгон. Биз аябай колдоп, “өзүбүз иштетип, экономиканы көтөрөлү” деп аракет кылдык. Тилекке каршы ошол күндөн бери бул маселе каралбай калган”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости