www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы азыркы учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

«Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта тартылган күч органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялап жатат.

Чек арадагы кырдаал көзөмөлдө, тартылган мамлекеттик органдар абалды күнү-түнү байкап турушат.

Чек арадагы кырдаал боюнча жарандардан келип жаткан көптөгөн кайрылууларга байланыштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы учурда тынчсызданууга негиз жок экендигин баса белгилейт.

Түзүлгөн кырдаалды бир гана тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечүү боюнча иш-аракеттер уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.

Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.

Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.

Эртең менен Чек ара кызматы 4-июндан 5-июнга караган түн тынч өткөнүн кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости