www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мелис Арып-Бектин Элмирбек Иманалиевге арнаган китеби абдан маңыздуу болгон”, - деди бүгүн, 11-августта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер, профессор Каныбек Осмоналиев.

--“Алп акын Элмирбек Иманалиев бир кырдуу талант гана эмес, ар тараптуу талант экенин баарыбыз билебиз. Ал кыргыз элине тоодой эмгек калтырды. Биздин маданиятты абдан көтөрүп кетти. Өзү гана чыгып, талантын таанытпастан, артына шакирттерди мурас кылып кетти.

Ал түптөгөн төкмө акындардын мектеби өлкөгө жайылууда. Канчалаган жаш таланттар талпынып, эл алдына, сахнага чыгып жатышат.

Керек болсо коңшу мамлекеттерде Элмирбектин чыгармачылыгын баалап, урматтап сыйлаган инсандар көп. Биз бул адам менен сыймыктанып, анын эмгектерин баалашыбыз керек.

Мына Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын, өзгөчө талантын белгилүү журналист, акын Мелис Арып-Бек Элмирбек Иманалиевге арнап “Элисиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебин чыгарды.

Мен окуп чыктым, мазмуну терең, көптөгөн санаалаштарынын өзгөчө пикирлерин жазыптыр. Ошону менен катар ырчы, акыныбыздын сырларын жазган экен. Авторго ыраазычылык бидирем, дагы маданият өкүлдөрүн даңазалап жүрө берсин”, - дейт коомдук ишмер.

Кошумчалай кетсек, бүгүн белгилүү журналист Мелис Арып-Бектин кыргыздын алп акыны Элмирбек Иманалиевге арнаган “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебинин бет ачаары болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости