www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандагы мектептер менен жогорку окуу жайлар 1-сентябрдан баштап салттуу форматта билим бере баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Аскар Маминдин катышуусундагы өкмөттүн жыйыны учурунда айтылды.

Мектептер, колледждер жана жогорку окуу жайлар ырааттуу түрдө кварц менен зыянсыздандырылып, дезинфекцияланып турат. Беткап режими сакталат жана температура өлчөнүп турат. Чоңдор билим берүү жайларына Ashyq системасы аркылуу киргизилет.

Өкмөттүк жыйында эмдөөдөн өткөн гана педогогдор иштей турганы айтылды. Расмий маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата вакцина алууга тийиш болгон мугалимдердин 93,1 пайызы эмдөөдөн өттү.
Мамин 25-августка чейин педогогдор менен техникалык персоналдарды 100 пайыз эмдөөдөн өткөрүүнү, 20-августка чейин мектептерди санитардык талаптарга шайкеш келтирүүнү тапшырды.

Кошумчалай кетсек, Казакстанда мектеп жашындагы балдардын саны – 3,4 миллион, быйыл 1-класстын босогосун 380 миң бала аттайт. Казакстанда жалпысынан 7475 мектеп бар. 3-августта билим берүү министри Асхат Аймагамбетов окуучулар мектепке классикалык стилде кийинип келсе болорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости