www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда сел каптоодон жабыркаган 11 турак жайды тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, кечээ 18:30дар чамасында Кызыл-Жар айыл аймагынын Күйөө-Таш айылында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, эки турак үй менен тогуз үйдүн короосун суу каптаган. Жабыркагандар болгон эмес.

Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн атайын комиссия тартылган.

Учурда турак жайлар тазаланып, ички чарбалык жол калыбына келтирилип жатат. Ага эки офицер, үч куткаруучу, 20 тургун, бир экскаватор жана бир автожүктөгүч тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости