www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жер талашкан коңшу өлкөлөр менен сууну дагы бир ичебиз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.

--“Кыргызстан менен чектеш аймактарында бир гана чек ара эмес. Бир канча маселе бар. Алар: суу, энергетика, жайыт жерлери. Коңшу өлкөлөр менен сууну дагы бир ичебиз. 5 каналдагы суу Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын район, шаарларындагы элдерди багат. Бул чоң маселе, экинчи жол жана жайыт жерлер, социалдык, суу чарбалык, энергетикалык тармактар болуп саналат. Ушулардын баарын карап элге ыңгайлуу кылып, кылдат чечүү зарыл. Мен дайыма айтам конфликтиге барбашыбыз керек. Себеби, коңшу өлкөлөр менен өмүр бою бирге жашайбыз. Айрыкча өсүп келе жаткан балдарга мамлекеттик деңгээлдеги ызы-чуу терс таасирин тийгизет. Андыктан буга жеткирбей, тынч чечип, жакшы жашоого багыт алуу керек”, - дейт Орозова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости