www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Казакстан сулуусу - 2019» сынагынын катышуучусу Гүлнур Нуртаза Кызыл-Ордо шаарындагы кафелердин биринде идиш жууп иштеп жатат. Ал аргасыздан ушундай жумушка орношконун 365info.kz маалымат булагы жазды.

«Казакстан сулуусунун» финалисти идиш жууп иштеп жатат

Интернетте сулуу наамын алган кыздын кафенин ашканасында сарымсак тазалап, идиш жууп иштеп жаткан видеосу тарады.

Видеонун тартып жаткан адам ашканада иштеп жаткан 2017-жылы «Кызыл-Ордо сулуусу» сынагын жеңүүчүсү Гүлнур Нуртаза экенин белгилейт. Ал өзү да сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү экенин, учурда ушундай шарттагы жумушта иштеп жатканын айткан.

Гүлнурдун тааныштары ал чынында эле оор тагдырды баштан кечиргенин, 19 жаштагы кыз ата-энесиз калгандан кийин колуна тийген жумуштарда иштеп жатканын айтышат. Эки жыл мурда атасы каза болсо, энеси эки ай мурда эле көз жумган.

Басылма Гүлнурдун сулуулугу анын жумушка орношуусуна кедергисин тийгизгенин: жетекчи-айымдар күйөөсүн азгырып кетет деп коркушса, ал эми эркек жумуш берүүчүлөр дароо эле интимдик мамилеге чакырышарын белгилеген.

Гүлнур 2017-жылы 17 жашында Кызыл-Ордодо эң сулуу кыз деген наамды жеңип алган. Эки жылдан соң сулуулардын улуттук конкурсуна катышкан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости