www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Аскар Акаев ичип алганда ак көңүлү кармап кетчү”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.
--“Президенттерибиз коңшу мамлекеттерге кошаматтанып эле жерлерди берип жиберишкен. Мен Аскар Акаев менен чогу иштешип көп жакшы сапаттарын жана каталарын көрүп, билип калдым. Ошону менен катар кемчиликтери дагы болгон. Чет өлкөлөргө иш-сапарларга чогу барып калдым. Ошондо ал жанагындан жутуп алып, ак көңүлү кармап кетчү да. Ошонун айынан Үзөңгү-Куушту Кытайга белек кылып берип, кол коюп салыптырда. Казакстандын туңгуч президенти менен куда болуп айрым маселебиз чечилди. Ал эми Кытайга Каркыранын берилишине Аскар Акаевдин жана Курманбек Бакиевдин дагы күнөөсү бар. Бирок, биз Кытайдан көп товар алабыз, алар менен кызматташбасак болбойт. Ошондуктан биздин эл дагы унчуга албай калды окшойт”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg