www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарды бак отургузуп, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, бул иштер экологияны коргоо максатында жасалууда.

«Акыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө. Буга байланыштуу «Бир адамдан бир көчөт» аттуу чакырык менен өлкөнү жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырабыз», — деп жазылат билдирмеде.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров «Экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар» жөнүндөгү жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече сунуш берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости