www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чек араны “кыйынмын” дегени дагы чече албайт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Партияныны убагында эл бийликти сыйлап, сөзүн угуп турчу. Анан бийлик элди карабай, укпай калды. Анан эл кенедей жерди алып оокат кылайын деп жанталашып баштады. Ошондон улам урушуп, атышып, бычакташып баштады. Канчалаган адам жоготуу болду. Мына азыр чек араны чечүү кыйын экенин көрүп жатабыз. Убагында жеңил кезде чечип, президенттер элди ынтымактуу боюнча сактап калышса болмок. Бул дагы бийликтин катачылыгы. Мен айтаар элем кыйын убагы келди. Чек араны “кыйынмын” дегени дагы чече албайт. Ырк кетти, элдин ынтымагы кетти. Жөнөкөй эле айылдаш кошуналар жайыт талашып, айдоо жерди талашып жүрүшөт. Чек арадагы адамдарга барганда боорум ооруйт. “Ата-бабалардан калган жерди сактап калсак болот эле. Өкмөттөгү адамдар чечип берсе жакшы болмок” деп суранышат", - дейт Ашыралиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости