www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-мартта, Англиянын Стаффордшир шаарында фура 18 жаштагы Льюис Робертсти сүзүп кеткен. Жигит башынан катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилип, ага шашылыш операция жасалганы маалыматта айтылат.

Бирок төрт күндөн кийин дарыгерлер Льюистин үй-бүлөсүнө анын мээси "өлүп" калгандыгын жана аны сактап калууга мүмкүн болбогонун кабарлашкан. Туугандары анын органдарын муктаж бейтаптарга берүүнү чечишкен деп жазат The Sun.

Анын органын алуу үчүн жасалуучу операцияга бир нече саат калганда, жигит күтүүсүздөн дем ала баштаган.

Дарыгерлер бул өлгөндөн кийинки конвульсия деп чечишти. Бирок жигит көзүн ачып, көзүн ирмеп баштаган. Льюистин жакындары жана дарыгерлер оорулуунун тирүү калууга мүмкүнчүлүгү жок экендигине карабастан, анын "тирилгенине" аябай таң калышты. Ал учурда жасалма дем алдыргычсыз, өз алдынча дем ала баштады.

Маалыматка ылайык, Льюис бутун, колун жана башын кыймылдататып көзүн ирмеп жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости