www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин саясий бийликтин сот системасына карата болуп көрбөгөндөй кысымы деп атады.
Уюмдун 1-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө мамлекет кооптуу абалга кептелгени, «президент менен депутаттар көз каранды эмес сот системасын жок кылганы мамлекеттүүлүктү жок кылууга барабар экени» белгиленип, мунун кесепетинен мамлекеттин адам укуктарын жана мыйзамдуулукту коргоосу начарлап, оор кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгы айтылды.
Буга байланыштуу «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктерине кайрылып, Кыргызстан соттордун көз каранды эместик принциптерин бузуп жатканын, себеби Жогорку соттун төрайымы кызматтан жасалма кылмыш ишинин негизинде алынганын, Гүлбара Калиева коомчулуктун ишенимине ээ экенин жана ал сот органдарындагы коррупцияга каршы күрөшкө зор салым кошконун белгиледи.
Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары 1991-жылы бул уюмдун бир катар пакттарына өз эрки менен кошулган.
Президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун 31-мартта парламент колдоп берген.
5-мартта сот кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып Жапаров сот системасынын абалы жана аброю төмөндөгөнүнө судьялардын өздөрү күнөөлүү экенин айткан. Сот бийлигинин өкүлдөрү бул боюнча комментарий берген эмес.
Калиевага карата кылмыш иши козголгонун, ал санарипке өтүү долбоору боюнча жемкорлукка барганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл февраль айында билдирген.
Калиева мындай айыптоо негизсиз экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg