www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Турдакун Усубалиев жумуш ордунда каккан казыктай отуруп иштечү”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.
--“Мен аткаруу бийлигинде жана депутат болуп саясатта көп жүрүп калдым. Ошондо кандай гана эл башчылары менен иштештим. Мисалы, Турдакун Усубалиев жана Аскар Акаев менен иштешип калдым. Турдакун Усубалиев абдан иштерман, кыйын адам эле.
Турдакун Усубалиев Кыргызстандын эң көрүнүктүү жетекчиси, саясий, мамлекеттик ишмери эле эмес, абдан мыкты адам эле. Ал адам 25 жыл ичинде Кыргызстандын улуттук кирешесин 3 эсеге көтөрүп, экономиканын бардык тармагын өстүргөн. Андан тышкары, адабият, маданият, искусство, спорт тармактарын бирдей карап, Кыргыз Республикасын 15 союздук өлкөнүн ичинен 3-орунга чыгарган киши. Анын эмгеги тоо көтөргүс. Ал жумуш ордуна эртең менен саат 10до келип кечке чейин чыкпай, кагып койгон мыктай отуруп иштечү. Резиденцияга кечкисин жатып, эс алууга гана барчу. Мен бул кишинин ушундай сапатына баа берем”, - дейт саясатчы.