www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналисттер герцогиня Мегандын королева Елизавета II нин 9-июндагы салтка айланган туулган күн кечесиндеги жаңы “түбөлүк шакегинин” сырын чечмелөөгө өтүштү. Бул тууралуу People жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган шакекти ханзаада Гарри алардын үйлөнүү үлпөтүнүн бир жылдык датасында “түбөлүк шакегин” белек кылган. Мындай бриллиант менен шөкөттөлгөн, түбөлүктүүлүктү баяндаган кымбат шакектерди маанилүү окуядан кийин салтуу түрдө белек кылат. Мисалга, туулган күндө же бала төрөлгөндө.
Белгиленгендей, ушундай эле белекти ханзаада Гарринин байкеси ханзаада Уильям биринчи уулу – ханзаада Джордж төрөлгөндө берген. Апрелде ММКда королева ханзаада Гарринин жубайы Меган Марклга өзүнүн коллекциясындагы сөйкө-шакектерди тагынууга тыюу салганы маалым болгон. Елизавета II ге небере келинин баскан-турганы жана анын бийик талаптары жага бербейт. Ушуга байланыштуу Букингем сарайы тартиптүү сактоону колдоп, Меган Марклга Елизаветанын кымбат баалуу буюмдарына тийүүгө тыюу салган катаал тартипти киргизген.
Булак:NazarNews.kg