www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи Эрулан Көкүлов ашканда эле таракан издеп жүрсө болмок экен. Жогорку Кеңештин депутаты болгонго деңгээли анчейин өсүп жете электигин көргөздү.
Эл үчүн пайдалуу маселе көтөргөнгө жараган жок. Эки жыл болгону калды Гүлзат Мамытбекке асылгандан бөлөк, кыргыз тилине байланышкан мыйзамдарга каршы чыгып титиреңдегенден башка чеке жылыткан ишин көрбөдүк.
Эң кур дегенде өзү депутат болгонго чейин тазалыкка шылтоолоп ашкана аңтарган азык-түлүк, тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу бир мыйзам жазган жок.
Куру популист экенин далилдеп бүттү. Өзгөчө ар дайым кыргыз тили боюнча мыйзам келсе эле каршы чыкканын көргөндө, кыргыз экенинен дагы шек санап кетесиң го...
Мына бүгүн дагы кыргыз тили боюнча мыйзамга каршы чыгып Улуттук тил комиссиясынын төрагасына: "Кыргыз тили боюнча мыйзам - популисттик! Врачты кыргызча үйрөтсөңөр эле, ал жакшырак дарылап калмак беле", - деп атырылып, титиреңдеп чыныгы жүзүн көргөздү.
Айтор тантыраган Көкүлов дагы тантыды. Бул баланы эмдиги шайлоодо шайлабай турган нигилист экени билинди. Өз эне тилин сыйлабаса, Жогорку Кеңеште эмне отурат? Кетсин, ордун башка жаштарга берсин!
Булак: NazarNews.kg