www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Клара Сооронкулова өзү баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча комментарий берген жок.

Белгелей кетсек, бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып башталат.

Эске салсак, саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Последние новости