www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси Түмөнбай Колдошев мекемедеги каржылык маселе боюнча кылмыш иши жөнүндө түшүндүрмө берип, учурда тергөө жүрүп жатканын маалымдады. Колдошов видео кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жайнаштырды.

Анын айтымында, окуу жайдын бухгалтери коллежде иштебеген үч кишиге жана өзүнө мыйзамсыз акча которуп жүргөн. Колдошев бул маалымат бухгалтери иштен бошогондон кийин билингенин айтып, бирок акчаны кайтарып берем деген убадасынан кийин укук коргоо органдарына кайрылбаганын белгилейт.

“Мен башында эле айтып койсом, ал акчаларга менин эч кандай тиешем жок. Жетекчи катары кол коюп, мөөр баскан эмесмин. 40 миң сомдой акча кассага которулган. Калгандары кайтарыла элек болчу. Иш Биринчи май райондук прокуратурасында тергелип жатат. Мен дагы суракка бардым. Тергөө бүтсүн, ким күнөөлү болсо жооп беребиз. Мен дагы жетекчи катары жоопкерчилигимди сезип жатам”, - деди Колдошев.

Колдошев канча каражат мыйзамсыз которулганы жөнүндө айткан жок. Азырынча укук коргоо органдары Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежиндеги каржылык иш боюнча маалымат бере элек. Буга чейин айырм жергиликтүү сайттардагы маалыматта мамлекетке 600 миң сомдой зыян келгени кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости