www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коргоо министрлиги болуп өзгөрүлгөнү туура деп эсептейм. Мындай пикирди бүгүн, 6-февралда NazarNews маалымат агенттигине Германиядан саясатчы Кубанычбек Исабеков билдирди.

--Мен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабайм. Андыктан алыскы өлкөдө дарыланып жатсам дагы учурдагы өлкөнүн абалы боюнча өзүмдүн пикиримди билдирүүнү туура көрдүм. Кыргызстанда бир топ реформа болгону белгилүү болду. Кыргыз эле жаңы келген өкмөткө дагы иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бериши керек. Ар бир жаран өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп алдыга умтулбасак артта калдык. Экономика түшүп кетти. Дүйнөдө коронавирус инфекциясы жүрүп бир кыйла жабыркатты. Ал эми жаңы өкмөттүн программасы жакты. Мисалы, мен аскер кызматкери катары айтарым коргоо министрлиги болгону абдан туура деп эсептейм. Азыр дүйнөдө абал туруктуу эмес. Мамлекетти коргоочу күч катары коргоо министрлиги болушу абзел. Буга чейин дагы мен жеке оюмду айтып келгем, тилеккке каршы коргоо министрлиги болуп которулган эмес. Менин билишимче бул маселе бир канча жолу көтөрүлүп, тилекке каршы ишке ашкан эмес. Ал эми буга чейинки Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда коргоо министрлигин алып туруп, комитет кылып, конституцияда жана мыйзамда жок Башкы штабды түзүп, коргоо министрлигинин үстүнөн жумушка койгонго, алганга мүмкүнчүлүк берип койгон. Бул туура эмес. Азыр коргоо министрлиги болуп калганын мен кубаттап кетээр элем. Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз, мыйзамдуу иш алып барышыбыз керек. Анын үстүнө жаштар дагы армияга барышы керек.

Ал эми министрликтердин мамлекеттик агенттиктердин кыскарып жатканы абдан туура. Америкада 11 эле министрлик бар. Биздин өлкө кичинекей болгондуктан чакан, керектүү гана министрликтер болушу абзел. Мурдагы системадан арылып, айрым чиновниктерди азайтышыбыз керек. Мисалы, бизге 44 райондун акиминин кереги жок. Алардын кылаарга деле жумушу жок. Чоңдорду тосуп алып, коноктоп узаткандан башка жумуштары жок. Ошондой эле, жети облуска губернатордун дагы кереги жок. Андыктан биз экономиканы көтөрүшүбүз үчүн аларды кыскартып, бюджетти үнөмдөйлү. Канчалаган мигранттар чет өлкөлөрдө кыйналып жүрөт, аларды Кыргызстанга кайтарып, завод куруп, иш менен камсыз кылалы. Кыргыз эли улуу эл, канчалаган кыйынчылыктарды өткөргөн. Ошондуктан мекендештерибизге жардам берип, мекенчил бололу. Мен ар бир жаранга кайрылам, баарыбыз мамлекеттин жүгүн чогу көтөрүп, Кыргызстанды өнүктүрөлү”, - деди Исабеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости