www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наманган облусунун Чартак районундагы зыярат кылуучу жайдан ыйык Курандын колго жазылган нускасын уурдап кеткен эки киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө китепти Наманган шаарында жана Чартак районунда жашаган эки киши уурдап кеткени аныкталып, алар 10-августка караган түнү кармалган.

Мекемеден билдиришкендей, кармалгандар Курандын колго жазылган нускасын Наманган шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине катып коюшкан. Далил буюм катары алынган китеп зыянга учураган эмес.

Буга чейин Наманган облусунун Чартак районундагы "Султон Увайс Караний" зыярат кылуу жайында сакталып турган Курандын колго жазылган көчүрмөсү уурдалганы кабарланган.

Ыйык Курандын уурдалган көчүрмөсү 1874-жылы жибектен жасалган. Узундугу 74 сантиметрди, туурасы 51 сантиметрди жана калыңдыгы 12 сантиметрди түзгөн китеп 426 барактан турат. Анын ар бир бетинде 13 саптан аяттар жазылган.

Куран китеп 1995-жылга чейин Кыргызстандын Өзгөн шаарында жашаган имам Эшонхан Окиловдун үйүндө сакталып келген. 1995-жылы намангандык Камолхан Мухиддинов аны Өзбекстанга алып барып, "Султон Увайс Караний" жайы оңдолгондон кийин 2019-жылдан бери ошол жерде сакталып турган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости