www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин сентябрда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин жана башка лидерлер менен жолугушууну пландаштырууда. Бул тууралуу "The Wall Street Journal" өз булактарына таянып билдирди.
Си Цзиньпиндин Путин менен жолугушуу чечимине АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга болгон сапары себеп болгону белгиленген.
"Цзиньпиндин Самаркандга сапары анын Батыштын Кытайды ооздуктоо аракетине каршы туруу үчүн АКШнын союздаштары болбогон өлкөлөр менен коопсуздук кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү ниетин ырастайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Си Цзиньпин ШКУ саммитинин алкагында Пакистан, Индия жана Түркия лидерлери менен жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо.
Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун Самарканд саммити 2022-жылдын 15-16-сентябрында өтөт. Бул саммит Иран 2021-жылдын сентябрында уюмга толук кандуу катышуучу катары киргенден берки биринчи саммит.
Ага ШКУга мүчө мамлекеттер, тактап айтканда, Өзбекстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Пакистан, Индия жана Иран кирет. Ооганстан, Монголия жана Беларус уюмга байкоочу, Түркия диалог боюнча өнөктөш катары катышууда.
Саммитте уюмга мүчө көптөгөн мамлекеттер менен чек арадагы Ооганстандагы кырдаал ар тараптуу талкууланып, маанилүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.
Буга чейин Владимир Путин менен Александр Лукашенко Самаркандда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстанга келерин билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg