www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте алгачкы кумаркана ачылып, дароо жергиликтүү тургундардын да, чет элдик коноктордун да көңүлүн бурду. Кумаркананын ээси Адилет Абдыманаповду журналисттер Жогорку Кеңештин экс-депутаты Арзыбек Бурканов менен байланышы бар дешүүдө.
Биринчи кумаркананын ээлери чет элдик коноктор үчүн унутулгус көңүл ачууну максат кылып, бул кумаркананы түзүүгө бир топ күч жумшашкан. Кумаркананын бир өзгөчөлүгү – кыргыз кыздарынын катышуусунда күн сайын уникалдуу жана экзотикалык спектакль стрип-шоу тартууланат.
Кыргызстанда кумаркана иштетүүгө лицензияны биринчилерден болуп 84 миллион сомго сатып алган “Grand Casino” компаниясынын Арзыбек Бурканов менен байланышы бар. Бул тууралуу “Медиахабдын” иликтөөчү журналисттери билдирди.
Кумаракананын ээси да чет элдик конокторго сапаттуу кызмат көрсөтүүнү максат кылып койгон. Кумаркананын кызматкерлери, анын ичинде жаш жана жигердүү жигиттер, коноктордун муктаждыктарын жана күтүүлөрүн канааттандыруу үчүн аларга спирт ичимдиктери жана башка суусундуктарды сунуштап, өткөргөн убакыттан ырахат алуусуна күч жумшашат.
Бул кумаркананы ачуу менен Адилет Абдыманапов дагы жергиликтүү тургундарга, өзгөчө жаштарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөйт. Стриптиз-шоуларга катышкан кыргыз кыздарына акча таап, келечегин камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Анткен менен кумарканада стриптиз-шоулардын пайда болушу, алкоголдук ичимдиктердин берилиши коомдо бир аз талкуу жаратканын айта кетели. Айрымдары жаңы кумарканага колдоо көрсөтүп, аны туризмди жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк катары баалашса, башкалары оюн-зооктун бул түрүнүн моралдык жана социалдык-маданий кесепеттери тууралуу тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Гранд кумарканасынын жетекчиси жана негиздөөчүсү белгилүү Адилет Абдыманапов. “Meдиахабдын” айтымында, анын жашы 30 жаштан ашпайт.
Журналисттер Юстиция министрлигинде көрсөтүлгөн компаниянын номуруна кайрылышкан. Алардын айтымында, аталган номер Буркановдун тууганы – Канышай Буркановага таандык.
Бирок аялдын өзү журналисттер менен болгон маегинде Арзыбек Бурканов менен тууганчылык фактысын четке какты. Анын айтымында, ал компаниянын бухгалтериясында иштеген, ошондуктан анын номуру Юстиция министрлигинде жазылган. Ал азыр Гранд кумарканасына эч кандай тиешеси жок экенин айтты.
Абдыманаповдун “Ала Тоо Көмүр АТ” ЖЧКсындагы өнөктөштөрүнүн бири Арстанбек Айдаров Гранд кумарканасынын артында Индиядан келген инвесторлор турганын билдирди. Анын айтымында, алар Кыргызстанда ишкана ачуу үчүн Абдыманаповдон кепилдик болуп берүүнү суранышкан.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн
Булак: NazarNews.kg