www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы күндө маданият тармагындагылар айныды. КР маданият министри жасалмаларга өз чечимин чыгаргандан кийин алды хиджабка өтсө, арты "Тик-Токко" көчтү.

Ошентип, олку-солку ырдап, оюна келгенин кылышып, айрымдары арабдар менен жылуу мамиле түзүшүп, бир жыл мурун жоголуп кеткен сааттарын таап, төөлөрү менен чөлдөрүн жарнама кылдырып жатат. Ички саясатты аңга түртүп, улуттун уңгусуна балта чаап, жаштарды өргө эмес, көргө сүйрөп бара жаткан ырчылардын караңгы саясатын кантип түшүнсө болот?

УКМК ырчылардын баскан кадамдарын байма-бай текшерип тыкыр көзөмөлгө албаса, кыз турмак, эркектерибиз сойкулукка багыт алып турган кез, Текебаев айткандай иш чатак. 

Кызыгы, ырчыларыбыз акыркы күндөрү Дайырбек Исмадиярову баш болуп "Тик-Токто" батл ойноп, "Достор! Лайк басабыз, лайк кана кеттик" деп, алакан чаап олтурганы туурабы?

Маданият министри балдарыңызга бир көз чаптырып койбосоңуз болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости