www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы, тамада жана башка тойдо кызмат көрсөтүп акча тапкандардан кантип салык жыйнаса болоорун журналист Марат Тагаев айтып берди.
"Биз сыйлаган урматтуу ырчы, тамада жана башка тойдо кызмат көрсөтүп акча тапкан туугандарыбыздан салык жыйноо маал-маалы менен көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келет. 2017-жылы патенттен болгону 600 миң сомдой гана түшүптүр. Негизи бул тармактан болжолдуу 50-70 млн сомдой салык жыйнаса болот.
Бирок кандай механизм менен?
Менимче, азыркыдай ырчы-тамаданы текшерип кереги жок. Алардын ар биринин артынан жүрүү өтө машакаттуу иш.
Эң туура жолу мындай болмок.
Салык кызматы, ресторан, той ээси, ырчы.
1. Мамлекеттик жана жеке менчик телерадиолордо ырым коюлсун, мамлекеттик имараттарды ижарага алып концерт коём, тойдо кызмат көрсөтүп акча табам деген ырчы-чоорчу, тамада, бийчи ж.б каттоодон өтүп, лицензия алышат. Лицензия мен ырдайм дегендин баарына эч чектөөсүз таратылыш керек. Болгону каттоого туруп, базага киргизилет. Лицензия алып жатканда тойдо кызмат көрсөтөм же көрсөтпөйм деп белгилеши зарыл.
2. Салык кызматы, маданият өкүлдөрү, активисттер, ырчы-чоорчу, тамадалардан турган комиссия түзүлүп, тойдо да кызмат көрсөтөм деп лицензия алган ырчы-чоорчулардын тойдогу болжолдуу баасына жараша 3 категориядагы патентке бөлүшөт жана ачык илишет.
Мисалы, бир тойдо 400$ ашык кызмат кылгандар айына 10 миң сомдук патент алыш керек.
300 $ чейинкилер 6 миң сомдук патент.
100 $ чейинкилер 3 миң сомдук патент.
Көзөмөлдөө маселеси эң оңой.
3. Тойкана, ресторан, кафе-бар ж.б администрациясы патенти бар гана ырчы, тамада, музыкант жана бийчилерди өз имаратында ырдатып, бийлетүүгө милдеттендирилет. Эгер патенти жок ырчы ырдаганы, бийчи бийлегени аныкталса ресторанга 20 миң сом айып пул салынат.
4. Албетте, ресторандын ээси бизнесмен, менимче 20 миң сомду чөнтөгүнөн төлөбөйт. Мындай мыйзам киргенден кийин той ээси менен келишим түзүп, эгер патенти жок ырчы чакырса 20 миң сом төлөй турганын жазат. Бирок бул ресторандын ээсинин баш оорусу. Салык кызматы айып пулду ресторанга салат, ресторандан алат.
Той берип жаткан элдин көпчүлүгү 20 миң сом айып пул төлөп калбайын деп, патенти жок ырчы-чоорчу, тамада ж.б чакырбайт. Той алдында патентиң барбы деп сурай баштайт.
Ал эми ырчы-чоорчу, тамада ж.б патент төлөбөй коюп, кардарлар чакырбай калышын каалабайт. Керек болсо, 100 миң сомго бир жылга патент алып, сүрөтүн инстаграмына закрепить кылып илип коёт.
5. Ошентип бул маселе Салык кызматы менен ресторандын гана ортосунда ишке ашат. Салыкчылар ырчылар менен дагы, той ээси менен дагы эч кандай кесилишпейт, рейд кылып ырчылардын артынан жүрбөйт.
Салык кызматкери тойго тыпыйып барып, ырдаган ырчыны базадан карап отурат. Той бүткөндөн кийин ресторан администрациясына барып, бул ырчылардын, бул тамаданын патентинин көчүрмөсүн же электрондук вариантын көрсөтүп коюусун өтүнөт. Жок болсо айыппул жазат.
6. Эми тойдо келген коноктор дагы ырдайт, аларды кантип айырмалаш керек деген маселе жаралат. Лицензия алган ырчылар гана тойдо ырдаса патенти бар-жогу текшерилет. Жок, лицензия албайм, телерадиолордо ырым кетпейт, мамлекеттик имараттарды ижарага албайм, тойго чакырса коноктор жактан чыгып жашынып жүрөм деген ырчылар болсо, аларга эч кандай маселе жок. Ошентип тойго конок болуп келген жөнөкөй адам каалашынча ырдай берет.
Андан тышкары мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу деген сыяктуу кошумча рычагдар бар.
7. Бул салык шаарларда жана облус борборундагы ресторандарга гана киргизилиш керек. Район, айылдардагы тойканаларда ким каалашынча ырдай берсе болот.
8. Бул тартипти ишке ашыруу оңой болот. Жүз салык кызматкери бир күндө жүз ресторанга отуруп, мыйзам сактабаган 50 ресторанга айыппул салганда эле эртеси ирээтке келет.
Эң башкысы бул акча толугу менен маданият тармагына, музыкалык мектептер, университет, консерваторияларга жумшалыш керек", - дейт Тагаев.
Булак: NazarNews.kg