www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги марафон өтөт

Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” деген аталыштагы марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 4-августта маалымат жыйында марафондун уюштуруучулары билдиришти.

Маалымат жыйында президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Руслан Кыдырмышев, Шахмат федерациясынын президенти жана Аралаш күрөш искусствосунун жетекчиси Бабур Төлбаев, “Дасмия” компаниясынын президенти Турусбек Мамашов,  сууда сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги спортчу Шулико Владислав катышты.

Маалыматка ылайык, “GAMMA” марафону 24-29-августка чейин уланып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлөт.  Аталган марафондун негизинде Ысык-Көлдө сууга сүзүү, веложарыш, шахмат болот. Ошону менен катар блогерлердин, IT тармагынын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин форуму өткөрүлөт. Мындан сырткары кино фестивалы дагы уюштурулат.

Ал эми 29-августта марафонго Өзбекстан, Казакстан, Америка, Орусия сыяктуу чоң мамлекеттерден коноктор келип катышат.

Иш-чаранын негизги максаты - Кыргызстанды дүйнө элине даңазалоо жана туризм тармагын өнүктүрүү.

1. “Ысык-Көлдө сүзүү 181" уникалдуу долбоору Караколдон Балыкчыга чейин көлдүн узундугу боюнча 181 км ден-соолукту чыңдоочу рекорд болуп саналат. Сууда сүзүү биринчи жолу жасалып жатат жана биздин кыргыз спортчубуз Владислав Шулико аны канаттардын, калактардын жана башка көмөкчү нерселердин жардамысыз суудан сүзүп өтөт. Спортчу Ысык-Көлдү ийгиликтүү сүзүп өтүү менен "дүйнөлүк рекордду жаңылайм" деген максаты бар.

2. "GAMMA REvolution Fest'21" долбоору Кыргызстандын ММА Федерациясы жана GAMMA (Аралаш мушташтын глобалдык ассоциациясы) өнөктөштүгү менен ишке ашууда.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде өтүүчү Азия чемпиондугунун алкагында спортчуларды, ишкерлерди, IT адистерин жана блогер, режиссёрлорду чогултат. Ошондой эле чоң форум жана фестиваль болмокчу. Бул иш-чаралардан кийин ММА боюнча Азия чемпиондугу боюнча оюндар өтөт. Аталган саамалыктар Ысык-Көлдүн борборунан бүткүл дүйнөдөгү миллиондогон абоненттерге, социалдык түйүндөр аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Бул менен Кыргызстандын жагымдуу имиджин түзүү болуп саналат. 

3. "Ысык-Көл жарышы 2021" долбоору өлкөбүздүн эң кооз жерлеринде велосипед сүйүүчүлөр үчүн 700 чакырымга чейин веложүрүш уюштурулат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости