www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Түшпөс хан» атка конгон, банктардан өзү ипотекага үй алып, анын акчаларын «списать» этип салган, тааныштарына пайызы жок «ссуда» берип, эл-журтка кымбат баада насыя берген Толкунбек Абдыгулов алтынды «кактап»  жесе керек, себеби Улуттук банкта алтындын кору азайып баратат. Ал алган айлыгы 120 миң сом ал үчүн кепек ордунда деле болбосо керек.

Толкунбек Абдыгулов жетектеген Улуттук банктын алтын корунун наркы 62,5 миллиард сомго түшүп кетти. Бул — Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтындагы маалымат.

Алтын-валюталык кор (эл аралык валюталык резерв) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүндүк берет. Резервдер валютанын ондон ашуун түрлөрүнөн, СDR (карыз алуунун атайын укуктары — Эл аралык валюта фондунун жасалма резервдик жана төлөм каражатынан) жана алтындан турат.

Алтындын наркы:

май айынын башында — 99 миллиард 33,7 миллион сом;

июнь айынын башында — 82 миллиард 389,6 миллион сом;

июль айынын башында — 36 миллиард 439,1 миллион сом.

Башкача айтканда, май айынын башынан тарта алтын корунун наркы 62 миллиард 594,6 миллион сомго же дээрлик үч эсеге арзандаган.

Анткени эл аралык резервдин жалпы көлөмү (алтын жана ар кыл валюталардан турат) бул мезгил ичинде анчалык деле өзгөрбөгөнүн белгилей кетели:

май айынын башында — 211,3 миллиард сом;

июнь айынын башында — 217,3 миллиард сом;

июль айынын башында — 213,6 миллиард.

Дайыма Улуттук банкты жетектеп жүргөн Абдыгулов Толкунбекти Сапар Исаков өкмөт башына келгенде вице-премьер кылып дайындаган. Толкунбек мырза эл канча толкуса да, былк этпей Улуттук банкты мыкчып турганын сыры эмнеде? Сапар Исаков соттолуп, түрмөдөн дыргаяктап качкан бойдон Кремлде Миллердин бутун жалап жүрөт. Анын оюу мамлекет башына келүү, мыйзамдуу келе албаган соң күч менен кантип тартып алуунун «Барбаросс» планын түзүп жатат. Ал эми Толкуш Улуттук банкта өз схемаларын түзүп, элдин башын айлантып акча жасап жаткан учуру. Схема мындай жума күнү валюта рыногун жөнгө салып, сомдун кунун сактап калуу үчүн интервенцияга шылтоолоп УБ «любимчик» банкына 7,5 млн доллар которот. Алтынчы, дем алыш күндөрү бул акчалар коммерциялык негизде «оборотко» кетишет. Ортодо табылган  1 млн. долларды чөнтөгүнө шып салып койот. Доллардын курсун ал жерде шак түшүрүштү 82 сомго, эки күндө 100 доллардан 100 сом таап, Абдыгуловго бергендерин да, андан тышкары өз курсагын да тойгузушту. Ушундай ач көз банкирлер бийлеп турганда кыргыздар өспөйт. Мындайларды отоо чөптөй жулуп салыш керек. Акчалар кимдин чөнтөгүнө ойноп жатат, бир кудай билет, бир Абдыгулов билет.

Жаш болуп туруп акча дегенде чалкасынан кеткен Толкунбек Абдыгулов деген банкир эл камалып, качышса да Улуттук банкты ээлеп турат. Мунун айлыгы 120 миң сом эле, бирок «шабашкасы» толтура. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айлык акысы 120 миң сом экенин өзү жарыя кылып жүрөт. Бул тууралуу парламент жыйында Абдыгулов өзү депутат Бактыбек Турусбековдун суроосуна жооп берип жатып билдирген. Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бул айлык маяна ага 2014-жылы бекитилген. Улуттук банктын төрагасынын эмгек акысынын көлөмү президенттин жарлыгы менен бекитилет. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бул абдан жоопкерчиликтүү жумуш. Абдыгулов коммерциялык банктар боюнча: «Ал жакта абал өзгөчө. Алар жеке компаниялар. Эмгек акы кызматкер кандай пайда алып келгени менен байланыштуу», - деди. Буга чейин Т.Абдыгулов Жогорку Кеңештин депутаттарына 120 миң сом эмгек ала турганын айткан. Ал эми анын орун басарлары 108 миң сом алса, башкармалыктардын мүчөлөрүнүн эмгек акысы 102 миң сом экени айтылган. Ал эми Улуттук банкта 705 кызматкер иштейт. Мейли, айлыгы 120 миң сом болсун, ал эми «шабашкасы» канча?

Зина Асангожоева деген мурунку Улуттук банктын төрайымы 30 млн. долларды сугунуп Москвага качып кеткен, ошондо ордуна келген. Коррупциялык схеманы  Зина Асангожоева баштаган 7,5 млн. долларды инфляцияны төмөндөтүш үчүн тиешелүү банкка которчу. «Шапкасына» 1 млн. доллар алчу. Аны алгандар долларды 66 сомдон кылып сатышып, ортодо 6,5 млн. доллардан 6.5 млн сом пайда табышчу.

30 миллион долларды бөктөрүп алып Асангожоева Зина Улуттук Банктын жетекчилигинен качкан бойдон чет мамлекетке кеткен. Ал мурун өкмөттүн финансы бөлүмүнүн башчысы катары, акча жегендин «атаманы» болгон. Эми анын ордун сабатсыз Толкунбек Абдыгулов ээлеген, бул жигит качан качаар болду экен? Бирок айласын таап ким бийликке келсе шак жабышкан бойдон калат. Асангожоева Зинанын качып кеткенине ичи ооруган бойдок акелердин көздөрүнөн жаш куюлат, себеби кара тору карт бойдок эжекебиз, канчаларды «кидать» этип эки кызы менен качып кеткен.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын эл аралык резервдери 2 млрд 741 млн долларды түзөт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. Улуттук банктын маалыматына ылайык, июнь айында алтын-валюта резерви 2 млрд 724 млн доллар болуп, мурункуга  салыштырмалуу дээрлик 60 млн долларга азайган. Өткөн айда резервдер 2 млрд 784 млн долларды түзгөн.Былтыр август айында Кыргызстандын алтын-валюта резерви алгачкы ирет 3 млрд 71 млн долларга чейин жеткен.

Улуттук банк 2021-жылы сомдун кунун сактап калуу үчүн көп ирет интервенция жасады. Улуттук банктан кабарлашкандай, үстүбүздөгү жылдын 28-инде валютанын курсун турукташтыруу үчүн 9 млн 650 миң доллар жана 36 млн 50 миң доллар сатылган. Ошондой эле 4-дө 8 млн 100 миң доллар жана 29 млн 900 миң доллар сатылган. Улуттук банк кезектеги интервенцияны өткөрдү. Бул ирет регулятор 1.6 млн доллар сатты. Кошумчалай кетсек, бул ушул айдагы жетинчи ирет өткөрүлүп жаткан интервенция. Валюта рыногун жөнгө салуу үчүн регулятор жалпысынан 73 млн 50 миң доллар сатты.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоого жалпысынан 9,6 миллиард сом бөлгөнүн айтты. Улуттук банк 2021-жылы банк системасынын туруктуулугун кармоо, төлөм системасын өнүктүрүү жана банк мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатканы белгиленди.

Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөш өлкөлөрүнүн эл аралык каржы рыногундагы жана экономикаларындагы кырдаалга байкоо жүргүзүүнүн өзгөчө зарылдыгы керек.  Буга байланыштуу ал тышкы экономиканын таасирлеринен улуттук экономикага болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгы турат. Өлкөнүн каржы-насыялык мекемелеринин туруктуу жана ишенимдүү иштеши керектигин белгилеп, улуттук валюта курсунун кескин өзгөрүшүнө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүү керек.

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 5 пайыз деңгээлинде калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынын жайылышы, товардык-чийки зат рынокторунда дүйнөлүк баалардын волатилдүүлүгү жана дүйнөлүк экономиканын бирдей эмес өнүгүүсү региондогу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жана анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына да терс таасирин тийгизүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасындагы экономикалык жигердүүлүк төмөн деңгээлде сакталып турат. Өндүрүш көлөмүнүн кыйла төмөндөшү айыл чарбасынан тышкары экономиканын дээрлик бардык секторлорунда катталган. Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу туруктуу өсүш арымына жетүүсү, негизинен, өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайга жана соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүүсүнө жараша болот.

"Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда айрым товарларга баалар өсүүдө. Кыргыз Республикасына майларды жана кантты сунуштаган өлкөлөрдө аталган товарларга баалар туруктуу негизде өсүүдө. Бул фактор, коңшу өлкөлөрдө жергиликтүү эт продукциясына жогору суроо-талаптын сакталып турушу менен бирге өлкөдө жалпы баа деңгээлинин күндөлүк өсүшүн шарттоодо. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2021-жылдын биринчи жарымында 9,9 пайызды түзгөн. 2021-жылдын биринчи жарымында алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздерди план чегинде жогорулатуу бүтүндөй жыл ичинде инфляция динамикасын жогорулаткан кошумча фактордон болот. Учурдагы экономикалык шарттарда, белгилүү бир жогорулоодон кийин жылдын орто ченинде инфляция бир аз турукташат жана жыл акырында бир маани чегинде калыптанат.

Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оорлошконуна байланыштуу кардарлар менен иштөөгө убактылуу чектөө киргизди. Ага ылайык, эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операциялар токтотулган. Мындай кадамдар СOVID-19 инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында жасалууда. Эпидкырдаал жакшыргандан кийин кайра мурунку режиминде иштей баштайт.Өткөн жылдын төрт айына салыштырмалуу 2021-жылдын биринчи жарымында 37 миллион доллардан көп каражат чыккан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости