www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шри-Ланкадан чыккан балыкчы шамалдан кийин 2 жума бою Инди океанында жүрүп, Мальдив аралдарына жеткенден кийин Кыргызстан менен Казакстандан барган туристтер куткарып калган. Туристтер Малдивден ижарага катер алып, бир нече күн балык уулашкан.

«Кудум кинодогудай. Шри-Ланканын түндүк жагына чыккан балыкчылар шамалда калып, экөө каза болгон. Алар кандай көз жумганы бизге белгисиз. Жалгыз балыкчы жалпы 3 адам болгонун айтты. Ал 15 күн бою Мальдив суусунда жүргөн. Бул жактан Шри-Ланкага чейинки аралык 1000 км болот», - деди Кыргызстандык Улан.

Кыргызстандык жана казакстандык туристтер балыкчыны тамактандырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жеткиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости