www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-февралда Райымбек Матраимовдун тарапташтары УКМКнын алдына чогулду.

Чогулгандардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаевди да көрүүгө болот. Ал Матраимов соттолуп, айып пул төлөгөнүн айтып, тергөө убагында мурдагы бажычыны абактан чыгарууну суранды.

Чогулгандар Матраимовго Кыргызстандын гүлдөшү үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштап жатышат.

«Матраимов — күчтүү менеджер. Азыр биз чет элдик инвестор-миллиардерди издеп жатабыз. А биздин миллиардерди камап жатышат. Кыргызстандын экономикасы Кытайдын рыногу бар үчүн иштеп жатат. Ошондуктан бардык тарапташтарды Матраимовду колдоону улантууга чакырам», - деди митингдин модератору, Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов.

Матраимовдун тарапташтары митингди жыйынтыктап, Биринчи май райондук сотуна келишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости