www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип чыккандан кийин Биринчи Май райондук сотуна шектүүнүн баш коргоо чарасын кароого алып кетишти.
Ал тергөө абагына 2 айга камакка алынышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, буга чейин Адахан Мадумаровду ИИМ суракка алып кеткени тууралуу маалымат чыккан. Мадумаров "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" иши боюнча суракка алынып кеткен.
Эске сала кестек, Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн тергөө жүргүзүүгө уруксаат берүү сунушун парламент каникулга чыгаар алдында колдоп, эл өкүлү кол тийбестик укугунан ажыраган.
Булак: NazarNews.kg