www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Бурул

«Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт» мен деле «ырыстуу чочко» болойун деп турам, «Эсенбай эсепчи» китеби аяктар менен Акылбек байкеге арнап китепти баштадым. Ал кишинин жакшы көргөн Бурул деген карындашы бар. Ушул кезде туулган күнүн өткөрүп жатат, бир-аз куттуктаганга кечигип калдык, китепке жазып койолу: «Туулган күнүңүз куттуу болсун!!».

 Муну жазбай эле койсоң болмок дейт болуш керек, бирок муну апамдан уккам, Бурул эжеке бала кезинде «Бурул» деген аттан арданчу экен. Ошол үчүн метрикадагы «Бурул» деген атты жоготуп, башка өзү жакшы көргөн атты коюп алыптыр. Бирок өмүр боюу «Бурул» бойдон калды. Ии баса атам ооруп ооруканада экен, мен жаңы төрөлгөн 1964-жылдар болсо керек. Бурул эжеке үйгө келсе үй чачык...ачууланып үйдү жыйноого кирет. Тигини тиякка алат, муну биякка алат, керебеттин үстүндөгү жамынчысын жини менен ачууланып ыргытат. Жамынчыда ымыркай бала жаткан да, жамынчы менен кошо ыргыйт. Ошол бойдон ошол баланын мээси кээде тескери айланып, бирдемелерди тескери жазып калат экен.

 Белгилүү акын Шербет Келдибекованын «Кербен» деген китебинде жазгандарга кайрылалы: «Бала кезде китепти көп окудук, өзгөчө агам Акылбек, эжем Бермет, мен, сиңдим Бурул, иним Сиезбек. Апам өзү жамак айтууну жакшы көрөт, бирок бешөөбүздүн ашкере китеп жандуулугубуздан тажап жүрдү. Агам Акылбек, сиңдим Бурул, иним Сиезбек ыр жазуу түйшүгүнө киришти, мен да ыр чиймелеп, проза жазсам деп сюжет чогултуп жүрдүм. Студент болгондо аңгемемди «Ленинчил жаш» гезитине алып барып, Токтосун Самудинов агайга кездештим. А киши ырларымды сурап алып баш сөз менен чыгарды. Жаш акын болгоонумду  бир топ мезгилде араң баамдап, көңүлүмдү поэзияга бурдум...» -дейт.

Жаш кезде кимдер каякка ык койбойт.Сиезбектин ыр жазуу ышкысы кийин да калган жок. Бирок республикадагы чыгаан акындардын бири Шербет Келдибекова менен кошо жарышып ыр жазууга белсенип киришкен жок окшойт. Ал кызмат жакты тандады. Ал Акылбек байке менен Бурул эжеке да ыр жазууга киришкенин ушул китептен билдим. Мүмкүн экөө тең калемге шыктуу болгон. Акылбек байке айрыкча санжыра дегенде жата калып укканын көргөм. Санжыраны да келиштире айтчу, буюрса ушул китепке анын айткан санжыраларынын эстегенимди жаза кетем.

Бурул эжеке да балалык дем менен колуна калем алыптыр. Балким чыгармачыл дүйнөгө сүңгүп кеткенде андан чоң талант чыкмак. Мен «Эсенбай эсепчи» китебин жазып «Назарньюс» маалымат порталынан жарыялап турам. Эл окуп, өз ой-пикирлерин айтса, ошол жерлерди тууралап койом. Эсенбай чоң атасы болгондуктан Бурул эжеке кээ бир жерлердеги туура эмес жагдайларды байкап, Гүлайым аркылуу айтып турат. Анткени мен өзүм телефон колдонбойм, эми телефон көп убакытты алат экен, билгендер Гүлайымга чала коюшат, билбегендердин мага деле кереги жок.

Учурунда: «Ордуңа ойлонбостон жатаар элем,

Аттиң ай! Колдон келбейт не кылайын»... деп ыр жазган Акылбек, караңгы көр алдында калды. Жаш кезинде ыр дүйнөсүнө сүңгүп кирип, бирок поэзияны карындашына берген Акылбек Эсенбаев «Асылым дайым эстесиң» деген китепке минтип жазат:

Апакеңде түгөнбөгөн арман калган,

Ага-тууган, кызың Ажар, уулуң калган.

Атакеңдин ээгинен жаш куюлуп,

Аттиң ай! Биздин күндөр карап калган.

 

Күн жылып күн артынан өткөн сайын,

Күйүттүү күн зсеби өскөн сайын.

Күн чырай күлүңдөгөн элесиңе

Күчөдү сагынчыбыз кагылайын!

Ордуңа ойлонбостон жатаар элем,

Аттиң ай! Колдон келбейт не кылайын.

 

Артыңан ээрчип кеткен Шекин сиңдиң,

Келди күз өзүңдү ээрчип бул жалганга.

Алым, Дакин удаа кетип аркасынан,

Арман ай! Узатканбыз атаңды да.

Калганыбыз жүрөбүз аман-эсен...

Бирде кызык, бул турмуш бирде жаман.

Бир күн үйдө, эки күн оорукана,

Менчиктеп үч-төрт оору кетип дарман.

Жаш да келип, эл каттабай унутулуп,

Суз көрүнөт күндөн-күнгө ушул жалган.

Жолукчу кез алыс эмес болжолумда,

Жолго чыксам, жорто басып аркаңардан.

Кыздарымды ал жакта сен билерсиң,

Кызыгын бул дүйнөнүн көрбөй калган.

Жүрөбүз куран окуп эстегенде,

Жөнүңөр жок бизге деле таарынарга.

Жаратканым топуракты жеңил кылсын,

Жаннат нурун буюрсун баарыңарга!

Акылбек 01.09.2017

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости