www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын четинде 3 адамдын өмүрү кыйылган жол кырсык катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 31-январда саат 06:30 чамасында жол кайгуулчулар Тоголок Молдо көчөсүндө «Субару Легаси» унаасына адамды күч менен салып жатышканын байкаган. Алар унаанын артынан түшкөн.
Милиция кызматкерлери айдоочудан текшерүү үчүн унааны токтотууну талап кылганда ал баш ийген эмес. Айдоочу ылдамдыкты жогорулатып, качып баштаган. Жол кайгуулчулар андан унааны токтотууну талап кылганына карабай, айдоочу качып кеткен.
Унаа Төмөнкү Ала-Арча айылында жол кырсыкка кабылган. Катуу ылдамдыкта бара жаткан унаа даракты кулатып, андан кийин Тоголок Молдо—Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде темир тосмону сүзгөн.
Кайгуул кызматы белгилегендей, кызматкерлер алгачкы жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырган. «Субару» унаасында 5 адам бара жаткан. Алардын үчөө окуя болгон жерде көз жумду. Алардын өздүгү такталып жатат. Ал эми 2003-жылы туулган Н.А. менен 2005-жылы туулган У.М. ооруканага жеткирилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат, анын алкагында экспертиза дайындалды.