www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара Кыргызстандын оор маселесинин бири. Мындай пикирди мамлекеттик жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов  NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 2-мартта билдирди.

--“Чек ара Кыргызстандын оор маселесинин бири. Биз мурда Кыргызстандын түндүгүндөгү чек ара маселесин чечкенде Үзөңгү-Куушту кытайларга, Каркыраны казактарга алдырып араң чечкенбиз. Бул тууралуу эл билгенде чоң төңкөрүлүш болгон. Ошондо Аксынын эли Үзөңгү-Куушту коргоп чыгышкан. Кытай менен талаш жердин 70 пайызы бизге тийип, 30 пайызы кытайларга тийген. Ошондо дагы кыргыз эли көтөрүлгөн. Кытайга өткөн тарапта кыргыздар эле болгон. Ошону коомчулук түшүнбөй келет. Эки жагы тең эле кыргыздар экен деп кеңешип, бөлгөнгө туура келген. Эмне үчүн Аскар Акаевден кийинки президенттер Кыргызстандын түштүгүндөгү чек ара маселесин чечпейт? Чечтиң дегиче көтөрүлүш болот. Сөзсүз кыргыздар реакция кылат. Азыр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев туура эмес кылып жатат. Ал анализдеш керек. Ташиев саясий жаңылыштык кетирди десем болот. Мен Ташиев менен жеке тааныштыгым жок. Эгер мамилем болсо бул маселени түшүндүрүп, түз эле айтмакмын. Азыр көйгөй жаратып жаткан жерлерди алмашканга болбойт. Ал аймактарда адам баласы жашайт, алардын жашоосу жайгашкан. Ташиев “талаш жерлерди тактайбыз” десе туура болмок. Эки тарап бирдей такташып алып, анан эл менен кеңешсин. Ага жеткирбей эле баш аламандыкка алдыртып жибердик”, - дейт коомдук ишмер.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости