www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менин унаамды сүзүп алган балдар келип менден кечирим сурашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбеков өзү билдирди.

Анын айтымында алар күнөөсүн сезип, өздөрү маселени сүйлөшүү жолу менен чечишкен.

«Алар өздөрү келип, кечирим сурашты. Айдоочу менен сүйлөшүп оңдотуп алабыз деди. Бул окуяга байланыштуу менен эч кандай билдирүү тараткан эмесмин. Мен өзүм «клиент» болсом, ал менин унаам болбосо анан кантип мен күнөөлүү болуп калам?», - деди депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-январда депутат  Камчыбек Жолдошбаевдин унаанын ичинде жаш жигитке уят жест көрсөткөн видеосу интернет айдыңына тарап, коомчулукта бир топ терс пикирлерди жараткан.

Өз кезегинде, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев жол кырсыгынын айынан айыпкерлердин чагымына жооп берээрин жана ачууга алдырганы үчүн коомчулуктан кечирим сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости