www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жакшы иштеп жатканын, туруктуу позициясы бар экенин айткан. Мындан улам эл өкүлү коомчулуктун сынына кабылган. Ал эми бүгүн, 7-июлда социалдыктармактагы баракчасында түшүндүрмө берди.

«Мен эмне үчүн Эдил Байсалов боюнча туура пикир айтууга мажбур болдум? Себеби, маселе Байсалов эмес, адилеттүүлүк жөнүндө болуп жатат. Бүгүнкү күндө Байсаловду тепкилегендер көп. Албетте, бул ар бир жарандын жеке пикири. Ал кээ бир учурда эмоцияга алдыргандыгы менен ага жем таштап жатат. Көбүнчө өзү «повод» берүүдө. Карап көрсөк, коррупцияга катышканбы? Жок. Кредит алдыбы өзүнө? Жок», — деген эл өкүлү ага кол салуулар болгонун жана мурдагы президенттер тушунда кылган өткүрлүгүн санап берди.

Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу тууралуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алып, аны колдоп 72 депутат добуш берген. Бирок президент тарабынан жогорудагы чечим боюнча эч кандай реакция болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости